Сыдыман галдирбай туура айтат. Бирок аны Баткенге сүргүнгө айдаш керек

Статьи
19.02.2020
1745
Сыдыман галдирбай туура айтат. Бирок аны Баткенге сүргүнгө айдаш керек

Чын чычалатат, Сыдыман деген  блогер сөөрөй канчалык, адепсиз, уятсыз болгону менен чындыкты айтты. Алгач буга  бериле турган жаза жөнүндө өз оюмду билдире кетейин.  Мунун СИЗОго камаш бир аз жаңылыш болду. Оштуктарды мазактап, шылдыңдаган тек гана Сыдыман эмес. Буга чейин деле мындай чуулар соц тармактарда болуп келген. Мынтип элди бөлгөндөрдү Ошко, тагырагы Баткендеги чек ара тарапка сүргөнгө айдаш керек болчу. Ким билет түрмөдө отурса, Сыдыман гырт голубой болуп чыгышы мүнкүн. Мындан аны күтсө болот. Ош тараптын абасын бир жутуп, Оштун өнүгүп, өнүкпөгөнүн өз көзү менен көрсө бир кыйла ою өзгөрмөк. Айрым Ошту көрбөгөн түндүктүк туугандар, Түштүк жакты Афганистандын бир бөлүгүндөй эле элестет экен. Белгилүү таластык акын Байдылда Сарногоев “Кыргыз жери сопсонун, баарынанда Ош сонун» деп бекер жазбаса керек.Чындыгында Ош көпчүлүк жагынан Бишкектен өнүгүп алды. Мисалы тазалык маселесинде. Атамбаев өз оозу менен чүйлүктөргө айткан, “Оштуктардай эрте туруп, көчөңөрдү шыпыргыла” деп.  Бул жакшы адатты өзбектерден үйрөнгөнбүз. Миң жылдардан бери өзбек, тажиктер менен коңшулаш жашап, кыз алышып, кыз беришип, биздин айрым сөздөрү биздин короого адашкан койдой болуп кирип келиши мыйзам ченемдүү. Өзбек, тажиктер  чыгыш мусульман маданиятын бир бурчу. Кыргызча бул жакта турсун, океан болгон орус тилине деле тажик, өзбек сөздөрү (чайхана, плов, тапчан) өңдүү сөздөрү кирип, орус тилин семиришкен себепкер болду.

Эми Ош говоруна келсек, “Сям-Сам” деген дегини кулака аябай жагымсыз угулат. (Өзүм Оштон болом)). Муну куудулдар Тынар менен Боорончу тамашага салып, элге жеткиргени аракет кылышты, натыйжа жок. Сиздерге мисал келтирейин. Ахыска (месхед) түрктөрү менен Ошто бирге өстүм. Булардын тилдери адабий Стамбул тилинен бир кыйла айырмаланат. Дайыма түрк каналдарын көрө берип, акырын, акырын тилдерин оңдоп келе жатышат. Бирок биз оштуктарда бул темада эч кандай ынтызар, кызыктар жок.  

Поделиться в соц. сетях

Комментарии

Никаких комментариев по этому посту добавлено не было

Добавить новый комментарий

Вы должны войти в систему, чтобы добавить новый комментарий
Top