Сен ач болсоң, нан жута албаймын, Ата-Журт.

Без категорий
21.11.2019
196
Сен ач болсоң, нан жута албаймын, Ата-Журт.

Сат, сат, сат, колтугундагы жүнүң сат деп Сагынбек Момбеков кыргыз бийлгине кекете ырдаган ыры ар бирибиздин жүрөгүбүздөн орун алды. Элдин колтугундагы жүнү түгөнгөнбү, айтор аргасы кетип, сазга кокосунан батып, бийлик айласын таппай турган чагы. Буга ким күнөлүү. Албетте өзүбүз күнөлүүбүз. Шайлоодо саттык добуштарды. Эми кылычыбызды ташка чапкылагандан пайда жок. Азыркы ажобуздун дарамети Кара-Кулжадагы айыл өкмөттүн башкарганы жетет. Андан жогорку, жооптуу кызматтар бул кишиге оордук кылат. Албетте адам катары, ал кишини аябай мактап жүрүшөт. Жоош, кичи пейил, ак көңүл, момун дешип. Бирок бул оң характеристика мамлекеттин оңолушуна эч кандай тассирин тийгизбейт. Кудайдын кудрети менен Кыргызстанды кимдер гана башкарбады. Аялын башкара албаган Аскар Акаев башкарды. Интригалардын устаты Курманбек Бакиев башкарды, апенди куудул Алмазбек Атамбаев башкарды. Буларга салыштырмалуу Сооронбай Жээнбеков алда канча ынсаптуу, мырзалык касиетке ээ. Бирок эрксиздигин, чечкинсиздигин көрсөтүп жатат. Какаганга муштаган болуп, вазир кылып Мухамедкалый Абылгазиев дайындап алды. Эч кандай проресс жок. Эт менен челдин ортосундагы вазирден кайдан акыл чыксын. Эми аймактарды өнүктүргөнү мигранттарга фонд түзгүлө деп бийлик кайрылыптыр. Кадырыңар жам болсун бийлик өкүлдөрү. Эгер мындай фонддорго силер көзөмөлдүк кыла турсаңар, силер түзгөн фондко эшектин тезегин дагы салбайбыз. АНКЕНТИ ЖЕП КОЕСУНАР.  Каргашалуу Дача Судагы чогулган акчаны жеген бийлик, мигранттар чогулткан акчаны жебейт деп  ким кепилдик берет? Силерге ишениш, карышкырга кой кайтаргандык менен барабар. Ушунчалык бетиңер табактай калың экен. Жесе нанга, иштесе ишке тойбогон жаштарды ишсиз калтырып,  миграцияга айдап эми кайра саан уйдай саамакчы болгонуңарга таң калам. Тырмышып отуруп албасатан, Сооронбай Жээнбеков баш, Мухамедкалый Абылгазиев каш болуп, иштин өткөрүп бергиле татыктуу жаштарга. Колуңардан коко тыйын келбейт, акча сурагандан башка эч нерсе билбейсинер. Табарман, жокту бар, бирди эки кылган жаштар толтура. Биз мигранттар мекенден тыйынды аябайбыз. Фондтор түзүлсө, бийликти бир карыш жолотпош керек.  Чоңдорсуз деле фондтогу акчаларды Кыргызстанга жумшай алабыз. Сыртта бутка туруп, Ата-Журтка инвестиция салмакчы болгон азаматтар толтура. Бирок алар келери менен черный,  красныйы топтолуп, төө бастыга алып, иштетпейсинер. Мисалы ишкер, мигрант Сактан Келдибековду тоногон бандит Канжар Кадыралиев эч кандай жазасын алган жок. Кыскасы урматсыз чоңдор!!! Биз силерге ишенбейбиз.

Поделиться в соц. сетях

Комментарии

Никаких комментариев по этому посту добавлено не было

Добавить новый комментарий

Вы должны войти в систему, чтобы добавить новый комментарий
Top