Россияда иштештен пайда калдыбы???

Статьи
10.11.2019
494
Россияда иштештен пайда калдыбы???

Кыргыздар жакшы сөз бар. Бирөөнүн катыны бирөөгө, ай көрүнөт көзүгө. Көптөгөн элеттик жаштар, мектепти бүтүп, бүтпөй эле Кыргызстандагы иштерди тоготпой, Россиянын чоң шаарларындан иш издешти салтка айландырышты. СССР маалында армияда кызмат кылуу ар бир эркек бала үчүн парз болсо, азыркы улан кыздарга Россияда иштеп келүү ошондой парздай болуп калды деген ойдо айрым тамашакөйлөр. Эми Россияда акча жолдо жаткан жок. Орустар барбаган ишти биздикилер аткарып жатышат. Ошентседа жакшы жагы айрым  өзүнө тыңдар кандайдыр бир кесиптин ээси болуп, өз ордуларын табышты. Россиянын жашоо шарты алда канча бакубат күчтүү эле. Тапкан акчада береке бар эле.  Крымды окупация кылып алгандан бери анын экономикасы чала өлгөн жыландай болуп турган учур. Айлыктары ошо бойдон, тамак ашка болгон баа күндөн күнгө асмандап бара жатат. Ага карабай, Москванын тузу ширин деп, миграцияга чыкан кыргыздардын аягы үзүлбөйт.  Негедир?? Айла жоктонбу дей албайсын. Анткени Бишкектин, Оштун курулуш жана башка компанияларда Өзбекистандан, Тажикистандан, Кытайдан келген мигранттардын саны көбөйүп жатат. Алардын айлыгы 20 миңден 30 миңдин аралыгында экен. Росссиянын курулуштарында деле кыйратып айлык алган усталар аз. Баштапкы айлык 50000 деп айтылганы менен жарымын алса алат, албаса курук калат. Кидала деп коет муну мигранттар. Халтура деп жан сактаган туугандарбыз 1500 рублга иш тапса чоң бакыт болуп калды. Орустардын өздөрү 1200 дөн халтурага чыгып жатышат. Ошол эле халтураны айылда тапса болот. Эрте менен Москвадагыдай таңкы беште туруп шам киргенче иштесек, дем алышсыз Кыргызстанда эле миллионер болуп кетебиз. Халтура менен жан бакандарга, макул эч нерсе дебейт элем, эгер сменасы 3000 рублдан жогору болсо, эсептей келсек,  эч кандай пайда калбай калды. Чала уйку, чала тоют болуп жүргөндөргө боорун ооруйт. Бекер эле кыргыздын санын көбөйтүп, орустарга жаман көрүнүп жүрөбүз. Азыр рубль менен сом теңме тең болуп калды.  Ошто пол жууган аялдар 15 миңден сомдон жогору айлык аларын билдим. Грузчиктердин айлыгы 20миңдей бар экен. Менимче өз жерибизде кара жумуш кылгандан уялып бөтөн жерде иштегенди эп көрөт окшойбуз. Сиз кандай ойлойсуз?? Азыр Россияда иштештен маани калдыбы??? Жеке оюм орустун иши кыргызга ай көрүнөт көзүнө болуп калгандай.

Поделиться в соц. сетях

Комментарии

Никаких комментариев по этому посту добавлено не было

Добавить новый комментарий

Вы должны войти в систему, чтобы добавить новый комментарий
Top