Мыктыбек Арстанбек менен Адахан Мадумаровко жооп

Статьи
24.09.2019
1355
Мыктыбек Арстанбек менен Адахан Мадумаровко жооп

                Мыктыбек Арстанбек менен Адахан Мадумаровко мигранттан жооп.        

                                              Ала-Тоо көркө келбейт эл болбосо.  (Барпы Алыкулов)

 

 

               Кыргыз журналистикасы акыркы жылдары аксап, арзымат калемгерлерге толду. Жылдыздай болуп жанган Улан Эгизбаевды ач ажал алып кетти. Ар бир коррупционердин жалданма кошоматчылары, аларды Манастан кийинки баатырга теңеп, атандаштарына кара пиар кылуу менен алек. Өз алдынча илектип, анализдеп, ак менен караны ажыратып, элге чындыкты айтуу деген маселе жок. Тилеке каршы азыркы журналистиканын абалына мышык ыйлайт. Мурунку муун көп китеп окуп бизден сабаттуу болгондуктан, алардын катары Мыктыбек Арстанбек менен Адахан Мадумаровтор менен толукталган. Чукуганда сөз тапкан, айткандары элдин эсинде калып, кыргыз журналистикасынын тарыхында экөөнүн тең орду бар. Экөө тең мигранттарга көз чаптырып, миграциянын  күнгөй тескейлерин талдап келишет. Эки азаматка тең урматым терең. Өткөндө Адахан Мадумаровго суроо узатышты, “Орус жарандыгы алган кыргыздарга көз карашыңыз”. деп “Терс  көз караштамын. Кантип өз өлкөсүнүн аттуулдугунан чыгып, кетет” деп баса белгиледи. Чыкынчы дебеседа ошого алып барып койгондой кылып койду. Адахан мырза, илгери бир биттеп кеткен, байкуш “Жыргаганыман жылкычы болуптурмунбу” деген экен. Ошо сыңарындай эле биз деле жыргап кеткенден орус атуулдугун алганыбыз жок. Аскар Акаев деген академик, Союздан калган байлыкты бүт тууган уругу менен талап, тоноп, экономиканы өзүнүн башындай таз кылып койгонду эстесеңиз. Жалгыз тоогун уурдаткан эл акыры бекитип, иттерди союп жеген заман болдуго. Эрте менен кийип кеткен агасынын бут кийимин, иниси түштөн кийин кийип мектепке барган күндөр болду. Мунун баары чындык. Арга жок эл Орусия менен Казакстандын кучагына кире качып жан сактады. Эгер бул эки  өлкө кучагын ачпаганда кудай билет кандай турмуш болот эле. Бизди орус менен казактар оркестр менен тосуп алган жок. Келгенден баштап келгин деп жемелеп, босогодон орун араң берди. Башыбызга тартсак бутубузга, бутубузга тарсак башыбызга жетпейт. Кыргызстандан “Аллоо” дебестен “Акча сал” деп буйрук берет. Көчөгө чыксаң, кадам сайын милиция (азыр полиция) кармап, чөнтөгүбүздү актарат. Айлыгы көбүрөөк жумшка барсак, жарандык сурайт. Жүдөп какап жатып аргасыз алдык. Биз деле Ала-Тоолук туугандардай болуп күндө тойлоп, чардап жүргүбүз келет. Ошол тойлордун спонсору жарандыгын өзгөрткөндөр экенин эстебей калдык. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп, аргасыз тишибиздин кирин сооруп, Кыргызстандын экономикасын көтөрүп жатабыз. Биз саясатчылардай болуп казактарга Каркыраны картматпадык, темир тезек менен кошо кытайга Үзөнгү-Куушту саткан жокбуз, Баткендеги жерлерди тажиктерге ижарага бергенибиз жок, мамлекеттик сырларды ачканыбыз жок. Малекеттин алдында балким жүзүбүз карадыр, бирок кудайдын алдында акпыз. Кыргызстандын жарандыгы буйрубаса дагы, топурагы буйрусун деп Аллахтан тилегенибиз ушул.   Мурдакы ажо Алмазбек Атамбаев «Манас этнический россиянин» деп жар салдыго. Манас атабыз өзү россиянин болуп, бүт кыргызга кызмат кылгандай эле биз деле даярбыз Ала-Тоонун жүгүн көтөргөнгө, эгер мүнкүнчүлүк болсо. Сиз айткандай тепсе темирди үзө турган, башында акылы, билегинде күчү бар уул-кыздарыбыз толтура. Бирок былжыраган бийлике биздин сыртта жүргөнүбүз оң окшойт.  Ошого аргасыздан орус, казак жараны болдук. Сиздин айткандарыңызды эшектин күчү адал, сүтү арам дегендей болуп калды

       Эми экинчи байкебиз Мыктыбек Арстанбеке келсек. Таамай сөздөрдү айтты. “Миграцияга кеткен кыргыздардан биз айрылдык, аталары кайтса дагы, балдары кайтпайт, кыргыз тилин унутушат» деп. Мыктыбек байке. Тентиген кыргыздарды мындай коёлу. Мына сиз жашап жаткан Бишкекте эле канча шаардык кыргыздар кыргызча сүйлөшөт??? Ушуга даңгал жооп бериңиз. Бишкекте жашап, кыргызча такыр билбеген киргиздер толтура. Аларды Кыргызстанда туруп орус болуп кетти. Алдыңкы сабы “Курбан ыраазы болсун” деп шаарды башкарып жүрсө, дагы бирөөсү отуз жылдай саясатта. Аты дагы кыргызча эмес. Комунист чекисттин атып алып алган. Кыргыз тилин атасы болгон Чынгыз Айтматовдун кызы Ширин билбейт кыргызча. Америкадан, Япониядан келген ыктыярчылар жарым жылда, кыргызча үйрөнүп, комуз чертип, Манас айтып жатышат. “Папа, Мама” деген бишкектик киргиздердин жүрөгүндө жок кыргызча үйрөнүү. Орусча бул жакта калды. Французча, немисче, кытайча сүйлөгөн вундуркинд киргиз бөбөктөр көп Бишкекте. Бирок кыргызча кызыктырбайт. Анткени наны майлуу болбой калат. Ушундай өз эне тилин билбеген полиглотторго деле бир деме десеңиз.  Мына Сооронбай Жээнбеков өзү моюнга алды. “Бишкектик ата энелер балдары менен кыргызча баарлашпай калды” деп арманын айтып чыкты. Тээ Москвада жашап жаткан кыргыздарга бооруңуз ооруйт. Албетте чокунбай туруп орусташат. Орустун эле эмгечин эмбейт бул бала. Киндигин, тушоосун, никесин бүт орус кесет, жана чечет. Албетте кандайдыр бир бөлүгүнөн ажырадык, бирок баарынан эмес. Бул моюнга аларлык нерсе. Бизден мурда Алтайлык туугандар, хакас боордоштор бул  ассимиляцияга дуушар болгон.  Жыпшыйган көздөрү эле калган. Аты, заты бүт орус болуп калды. Жүрөт  Шойгу менен Собянин. Өздөрүн орус сезип.    Албетте туура айтасыз. Орусташтыруу саясаты болуп жатат. Ал үчүн миңдеген илимий эмгектер жазылды, жазылууда. Мисалыга төрт кыргыздын башын бириктирген Тула областындагы айылга уруксат беришкен жок. Канткен менен медалдын эки бети бар. Орустар деле кооптонуп жатышат. 2030 жылдан баштап Москва, Москва-Абад болуп калат деп Жириновский баштаган улутчулдар ураан салып чыгышты. Жума намазына чыкан сайын, мусульмандардын көпчүлүк пайызы кыргыз экенин көрүп, сыймыктанамын. Сыймыктын автору  болгон  урматуу Абдушүкүр ажы, Максатбек ажы, Чубак ажы устазтарга чоң ырахмат. Ат айланып казыгын табат. Кыргызстандан 80 пайыз европа тектүүлөр тарыхий Ата-Мекенине көчүп кетти. Немиси Германияга, жөөтү Израилге, орустар Орусияга.  Кыргызстанда адилет бийлик орноп, заман оңолсо, бир күн тентиген кыргыздардын балдары менен неберелери кайтышат. Жанагы американлык, япониялык ыктыярчылардай болуп тилди өздөртүрөт. Албетте баары эмес. Манас бабабыз  Алтайдан Ала-Тоого көчкөндө калып кеткен экен ошо жерде айрым кыргыздар. Мына ошондон калган  төөлөс, найман, мундуз, кыпчактар азыркы алтайлыктар менен хакастардын ата-бабалары.  

         Акыркы айтаарым кыргыз мигранттарына. Айдын 15 караңгы болсо, 15 жарык экен.  Өз элин кууп чыгып, кытайлардан инвестор чакырган Абыке, Көбөштөрдүн заманы бүтөт. Кытайларың көчө шыпырган дворниктен баштап, директорго чейин бүт кытайларды ишке алат экен. Мигранттардын арасынан деле инвестор болуп бере турган азаматтар толтура. Тилеке каршы алар барар замат рекеттен баштап, милицияга чейин төө бастыга алып, көгөртө койбойт. Тажик мигранттары бир партияга бирикти. Бизда 2020 жылкы шайлоого бир партияга бирикпесек дагы, катуу даярдык менен өлкө тагдырын өзгөртпөсөк, бул бети жок бийлик Кыргызстанды жок кылат. Ар бир добушту коргоп калуу атуулдук парзыбыз

Поделиться в соц. сетях

Комментарии

Никаких комментариев по этому посту добавлено не было

Добавить новый комментарий

Вы должны войти в систему, чтобы добавить новый комментарий
Top