Москвадагы кыргыздар жөнүндө кызыктуу фактылар

Статьи
19.03.2020
606
Москвадагы кыргыздар жөнүндө кызыктуу фактылар

                              Москвадагы кыргыздар жөнүндө кызыктуу фактылар

МОСКВА. Көз жаштарга ишенбеген Москва. Жергиликтүү москвичтер Москваны сулу кызга окшоштурат. Тээ атам замандан бери ага ашык болгондор көп болгон. Алгач монгол татарлары, анан поляктар, Наполеон баштаган француздар, Гитлердин немистери куда түшүп келишкен. Калыңын алып, баарын куру кайтарган. Аябай байып  жатып калды. Ошодон калган корунучбу же байлыгын тең бөлүшкүсү келбейби, айтоор Москвада элдер экиге бөлүнөт “Өз” жана “Өгөй” болуп. Союздун убагында өз бактысын табууга келген СССРдин төрт тарабынан келген келгиндерди “лимитчик” деп тергеп, көзүнүн кыйыры менен караган. Cоветтер Союзунун жаназасынан кийин, Москва жесир аялдай аза үстүндө. Анын бул маанайын эске албай, бөлүнүп кеткен Союздук республикалардын жарандары иш издеп, каптап, кирди. Жат жөжөлөрдү коштогон күрк тооктой, Москва мурдакы букараларын нары, бери чокулап, “Гастербайтер” деп Москвичтерден барбаган иштерди берди.  Анын ичинде биздин кыргыздар дагы бар. Деги кыргыздар качан Москваны байырлап, калган??

Генерал Панфилов башында турган Фрунзелик 316 аткычтар полку Москвага немистерди киргизбей койгондон кийин, көптөгөн кыргыздын уул кыздары Москвага билим алганы келишкен. Ал убакта, бир серин эле чет өлкөгө чыгышпаса, кыргыз интелгенциясынын каймагын дал ушул Москва түзүп берди. Азыр деле көпчүлүк Ала-Тоолук студенттер, Москвадан билим алууну кыялданышат. Бирок, Европа, Америка, Кытай, Түркия Москвадан караган өзүнө көбүрөөк тартат. Азыр Москвага “казаным кайнаса болду” деген катмардын жоон тобу  үйүлүп алган. 2010 жылга чейин эркектери дворник, курулушта иштеп, аялдар пол жуугандан башы чыкчу эмес. Бир кадам алдыга жылып, ал иштерди коншулаш мамлекеттин жарандарына ээнчилеп беришти. Азыр көпчүлүк эркектер айдоочу болсо, кыздар дүкөндөрдө кассир болуп, москвичтерге кызмат көрсөтүүдө.

Анда баштадык Москва кыргыздар жөнүндө кызыктуу фактыларга.

Квартиралар. Чоң коргонго эки абсын батпай келип, Москвада бир  бөлмөгө батып, 15-20 менен ынтымактуу жашашат. Туалет, Ваннага дем алыш күндөрү кезеке туруп каласың. Кудайга шүгүр, кыргыздардын арасында колу туткак уурулар аз. Башка мусульман эмес улуттар менен жашап калдым, тамак аш, баалуу буюмдар бул жакта турсун, жакшы кийимдеринден бери уурдап кетет. Башка улуттагыларга карганда алдан канча тынч, анан таза жашашат. Салыштырмалуу. Азыр көпчүлүк квартираларда эркектердин бөлмөсү менен аялдардын бөлмөсү бөлүнүп, айры бөлөк.

Тамак  аш. "Нан ооз тий"  деп курук чыгарбаган кыргыздар бул жерде жок. Квартирада ар ким өзү тапкан, тамагын өзү жейт. Албетте акчасы жок кыйналгандар болсо, тойгозо турган боорукер кыргыз табылат. Ананда айрым квартиралардагы ашканада кыз келиндер жашашат. Эч мүнкүнчүлүк болбойт, бир деме шам сум эткени аргасыз сыртка чыгып шаурма жейсин.

Жумуш. Биз бала чакта, космонавт болуп, космосту багындырган Гагарин болууну кыялданчубуз. Азыркы элеттеги окуучулар турмушка бир кыйла реалдуу көз карашта. “Москвага барып, иштеймин” деп дил баян жазышат экен, келечектеги пландары боюнча. Эми жумуш боюнча Алыбек алына жараша. Аэропорттон түшүп келип эле, Москвадагы офистерге орношкондор бар, бирок аз. Көбүнчө эркектерге такси, кыздарга дүкөндөрдө сатуучу. Таможенный Союзга кошулгандан бери бир аз жеңил болуп калды. Москвадагы эркектерге эң кооптуу иш курулуш стройка. Көпчүлүк орто азиялыктар курулушка эмес, ашарга москвичитерге жардамга келет. Айлап, жылдап акчасын ала албай жүргөн жүдөгөн мигранттарды көрдөм. Көпчүлүк учурда ортомчу кыргыздар болуп, өзүбүздүн кыргыз балдарды кидала кылган учурлар көп. Кыздар үчүн эң арсыз иш азери, түрк, армияндардын дүкөндөрүндө иштөө. Бул жүндүү туугандар, күндүзү иштеткени аз келгенсип, түнү дагы арам максаттарын ишке ашырат. Энеси өпөгөн көптөгөн кыздарыбыз боюнан алдырып, түбөлүк эне болуу бактыдан ажырады.

Кылык жоруктары.  Кыргызга окшош көптөгөн улуттар бар Москвада. Бирок кыргыздарды кантип жазбай таныйбыз. Спортивный шымчан же куткачан болсо, 90 пайыз гарантия берем кыргыз. Жаштары түнкү клубтарды жакшы көрсө, орто жаштагылары кафелеп, тойлоп эрмектейт. Тажик, өзбектер тишин кирин сооруп, топтогон акчасына көңүл ачпайт. Бар, бирок аз. Көчөдө боксташып же күрөшүп, жаткан балдарды көрсөңүз анда булар биздин балдар. Кавказдын көпчүлүк жигиттери спортчу, бирок мынтип көчөдө тамашалашпайт. Очередке турушту москвичтерден үйрөнбөдүк. Самса алганы барсаң, эч ким кезек күтпөйт. Озунганы алдыга чыгат. Ошко учарда, же Бишкеке поездге чыгарда эч кандай кезек жок. Поезд же самалет качып кетип бара жаткандай жүткүнүшөт. Бирин бири түртүп, жакшы жаман айтышат.  

Хоббиси. Саясат менен ММА. Саясатчылардан Садыр Жапаровду колдошот эле, себеби бул саясатчы мигранттардын арасында жашап, арыз мунуң угуп, сооротуп келген. Ал камалгандан кийин Адахан Мадумаровду колдошот. Мадумаров мырза дагы башка саясатчылардан караганда Москвага айылчылап көп келе турган болду. Кыргызстандагы туугандарга караганда добушун сатышпайт. Метрого кирсең, вагондо жок дегенде 3 - 4 кыргыз көрөсүң. Москвичитерге окшоп, китеп окуганы жокко эсе. Колундагы телефондон эрежесиз мушташты тамаша кылып жатканын көрөсүң. 

Москвадагы кыргыздар кандай байланышат? Москвадагы кыргыздардын  дээрлик бардыгында мобилдик Интернет бар. Однокалссникден башталган тоок сүйүүлөр, ватсаптагы черный список менен аяктайт.  Мигранттар информациялык ваккумда турат. Кыргыз массалык маалымат каражаттары чоң чыр чыканда эле баш бакпаса, ич ара проблемаларын ошол социалдык түйүндөрдө эле өздөрү чечип алышат.

Москвада кыргыздар кайсы жерде көп? Добрынинская метро станциясы кыргыздардын пятачогу. Метродон чыгарың менен, “Ассаламу алейкум” дегендин ордуна “эмне керек?” деп бир биринен оозунуп сурашат. Бул жерде мигранттардын бардык проблемаларын чечсе болот, документ, авиабилет, жумуш. Дагы башка жер базарлар. Садовод, Люблино, Дубровка. Айрыкча Садовод базарынын айрым катарлары кадимки Дордойду элестетет. Жалаң кыргыздар.

Элчилик. Элчиликтин адресине жылуу сөз айткан мигрантты кезиктире элекмин. Миллионго жакын кыргызды батырган Москвада чынында эле элчилик аздык кылат. Элчиликтин иши өтө эфективтүү реформаларга муктаж. Негедир элчиликтин кызматкерлери буга кызыкдар эместей сезилет мага. Өз жарандарын чет жерде коргоо элчиликтин түздөн түз вазыйпасы.

Москвичтер жана кыргыздар. Бир шаарда жашаган менен көпчүлүк учурда кыргыздар менен москвичтердин жолу кесилишпейт. Анда санда эле кыргыз кыздар москвичтерге турмушка чыкпаса. Кыргыздардын чачтарачы, ашканасы, спорзалдары, керек болсо ооруканасы башка. Кыргыздар барган жерге москвичтер, москвичтер барган жерге кыргыздар барбайт.  Кызыгы жарымы орус жараны, дагы деле  Москвадагы кыргыздар орус паспорттун алышка ынтызарлар бар. Кыргызстанда жашоо оңолсо, желкебиздин чукуру көрсүн ушул Москваны.

Поделиться в соц. сетях

Комментарии

Никаких комментариев по этому посту добавлено не было

Добавить новый комментарий

Вы должны войти в систему, чтобы добавить новый комментарий
Top