Латин алфавити мигранттарга зыян

Статьи
16.09.2019
765
Латин алфавити мигранттарга зыян

         Латын алфавитине Орусия ооп калат.

Байыркы убакта, айрым акылдуу болгон элдер камыштан бут кийим кийип, жүрүшкөндө,     аталарбыз  тарыхты балбалдарга жазып калтырганда.

Жакында Билим берүү жана илим министринин майлуу креслосуна  Каныбек Исаков отурду. Чынында эле өтө жигердүү, иш билги педагог эле эмес, мыкты, жаратман жетекчи экенине сөз жок. А дегенде эле “Латын алфавитине” өтүүнү колдоймун деп, оозду ачырды. Отко май тамызып, коомчулуктун айрым өкүлдөрү улам, улам  латын арбине өтсөк жыргайбыз деп, алды артын карабай сүйлөшүп, жатат. Балким. Силердики туурадыр.  Бул кабарды мигранттар кайгы жокто кайненем өлдү дегендей эле уктук. Айланайын, галустук такан, май тамандар!!! Силер ушул демилгени көтөрүп, чыгарда бизди ойлодуңарбы?? Сыртта Орусияда миллиондогон кыргыз тентип жүрөт. Орустардын характерин менден жакшы билесиңер. Латин алфавити эмес, фамилияларыбызга чейин асылгандыктан. Үсөн кызыдары Усенова, Өктөм уулудары Уктамов болуп кайра оңдоп, араң нан таап жеп жатабыз. Эки жыл мурда тажиктер фамилияларындагы “ов”, “ова”ны өчүрүштү эле, Жириновский баштаган улуттулдар аябай чуу салышты. “Киргизбейбиз, тажик мигранттарын” деп. Биз де-юре көз карандысыз мамлекет болгон менен, де-факто Орусиянын бир губерниясыбыз.

         Эми оолугуп, Латин арибине өтөбүз дегенибиз ойлонулбаган кадам. Өттүк дегенде эле Орусиядагы кыргыздарга кысым башталат. Ансыз деле крилица, орусча жазылган документтерибизди, жийиркенип, кармашып, “которуп кел”, деп нотариуска айдайт. Латынча болсо, биротоло орустар ооп калат, алардын кантип көңүлүн жазабыз билбеймин. Казакстан, Өзбекистан, Түркменистан, Азербайжанга теңелбейли. Алардын Орусия менен алды бердиси бар. Экономикасы бизге караганда алда кубаттуу. Мунун бир эле себеби бар. Орусия өз тассирин жоготкусу келбейт. Ансыз деле күндөн күнгө экономикасы алсырап. Бараткан Орусия кышта ойгонгон аюдай,  кимден күчүн чыгарарын билебей жинденип жүрөт.  Бул Латын арибин сырткы залакасы. Эми ички залакасына  келсек. Өлө албай жатып, өлөң айтат болуп, бизде латын алфавитинен башка көйгөй жокпу билим берүү тармагында. Бир класста 50-60 тан окуучу окуп, балдар мектепке батпай турат,  контейнерлерде окуп жатса, бала-бакчаларга жетишсиз. Университеттеги студенттер сабатсыз. «Ооба» эмес «Оа», «Эле» эмес «еле» деп жазыш модага айланды, мугалимдер өкүртө пара алып жатса, латын арибине жол болсун.  Толгон токой проблемалар бар. Алардын баарын чечкени каржы керек. Аларды чечпей туруп эле латын арибине өтүп алсак, бир суук эки тойдон курук калыптыр болуп, талаада калабызго.

      Алдың, Орусияга көз каранды болуп турган мигранттарды кайтарылы, экономикабызды оңдоп, билим берүүнү сапаттуу нукка буралы. Андан кийин мага Латын эмес, Орхон Энесай арбине өткүлө. Төшөгүбүзгө карап бутту суналы.  Жеке оюм. Дүйнөлүк цивилизацияга латын тамгалары менен гана кире алат экенбиз айрымдарга ишенсек.  Дагы айтам, дүйнөлүк маданиятка латынсыз эле, кирсе болот. Япондордун, кытайлардын кумурсканын бутундай болгон ийри, буйру тамгалары деле дүйнөнү таң калтырып келе жатышат. Жакында Кытай дүйнөнү жалгыз башкарат деп жатышат саясий серепчилер. Ошондо “кытайлардын иероглифин колдонсок өнүгөбүз” деп чыгышат. Кеп алфавитте эмес, кеп өзүбүздүн жалкоолукта. 

Поделиться в соц. сетях

Комментарии

Никаких комментариев по этому посту добавлено не было

Добавить новый комментарий

Вы должны войти в систему, чтобы добавить новый комментарий
Top