Кыздык намыс кыргыздын урпагына керек.

Новости
13.09.2019
714
Кыздык намыс кыргыздын урпагына керек.

                                         Кыргызды карыз эмес, кыздык намыс сактап калат.

Ач курсак, тоёт, жыртык көйнөк бүтүн болот, кеткен намыс   менен  абийир эч качан унултулбайт, орду толбойт.  

             Достаевскийдин Келесоо деген романындагы “Сулуулук дүйнөнү сактайт” деген орустарда эле эмес, дүйнөлүк учкул сөзгө айланды. Эгер Достаевский биздин заманда жашаганда азыркы келесоолорго «Аруулук жана тазалык дүйнөнү сактайт” деп адамдардын адеп ахлакына көбүрөөк басым жасамак.

               Адамзатты айбандардан айырмалаган акыл  эмес, зоологтордун изилдеп чыкты, айрым жаныбарлардагы жөндөм менен акыл адамдарда жок. Жаныбарлардан адамзат нике менен айырмаланат. Алгачкы нике Адам Ата менен Обо энебизге кыйылган экен.    Ошондон тартып Жараткан бизге жуп, жубуз менен нике аркылуу жашоого милдеттендирилбеген экен.  

               Базарга барганда жаңы, эч ким кийбеген, таза көйнөктү тандап аласызбы же бирөөлөрдөн калган эски, кир көйнөктү деле көтөрүп кете бересизби?? Албетте баарыбыз таза, жаңы кийим кийгени аракет кылабыз. Турмуштук жарыбыздан деле ошол сапаттарды күтөбүз. Интернеттин, батыштын маданияты кулачын жайып, «Свободный секс» деген термин жанаттагы тыю салынган жемиштей өз натыйжасын бере баштады. Муну мурдакы президентибиз жубайы Раиса Атамбаева “Кокуй 16-тыга толо элек кыздарыбыз кыз эмес экен” деп коңгуроо кагып чыкты. Алмазбек Атамбаев кара паранджи кийген кыздарга эмес, ушул эне сүтү оозунан кете элек секелектерге “Кайран элим, кайда баратабыз” деп чыгарса болмок.

              Мурда тойдо кыз чыкпай калган кыз өз үй бүлөөсүн эмес, бүткүл ошол айылын уят кылчу. Ошол айылдын кыздары начар деп кыйыр көз менен карашчу.   Айылга шамдан кийин жат балдар кире алчу эмес. Ышкырып кыздарды чакырган  шок балдарды көчөдөгү иттен баштап, аксакалга чейин кубалап жиберчү. Азыр болсо Калыгул олуя айткан “Такыясын колго алып, кыз жигитти кубалайт»  деген  «Акыр заман» келди. Кыздар өздөрү телефондон чакырат. Кылгылыкты кылып, коюп, кыл жип менен бууп, нике түнүдө  Геминопластика (кыздык белгисин операция аркылуу калбына келтирүү) менен болочоктогу эрлерин көзүн оёп, энеси өбө элек кыз болуп чыга келип жатышат. Эми бул жерде балдарга деле боор ачыштын кереги жок. Ошого татыктуу. Алар деле он- он беш кыздын башын айландырып анан ушул сойкуга туш болуп отурат. Шор бешене. Ыйык Куранда жазган. «Бузук эркектерге, бузук аялдар, таза эркектерге, таза аялдар» деп Ошого эки жак тең 1:1 болду калды. Эгер чындап эле такыба, түз жүргөн балага ушундай сыноо келип калса, анда ал эч кандай жаңжалсыз эле маселени оң жагына чечип, кызды кечирип жашап кетет.

Эмне үчүн кыздык белги эркектер үчүн манилүү экенин байыркылар  жакшы билген. Кыздын  биринчи эркеги эри болуп калбасада, кандайдыр бир белгилерин болочоктогу бөбөкө мурас калтырып кетет. Аял канчалык төшөктө көп эркек көргөн сайын, ошончо эркек өздөрүн кандайдыр бир белгилерин болочоктогу бөбөкө мурас калтырат. Бөбөктүн өз атасына окшобой калышы деле ыктымал. Муну илимде Телегония деп аташат. Асыл тукум болгон байталдын алгачкы айгыры кичинекей понини  болсо, иштин өлгөнү. Ал байтал эч качан асыл тукум кулун тубайт. Кийинки айгырлары мыкта пародадан болсо дагы.

Ислам диниде, эч качан кыз ал деген буйрук жок. Бул темага көз жуумуп койгон.  Сүйүктүү пайгамбарыбыз өзүнөн 15 жаш улуу Хадижа энебизге баш кошкон. Көпчүлүк аалымдар жубандар көрө кыз алуу алда канча жакшыраак деп насаат беришет. Деги эле суроого керек, керек эмес деп чекит коеш аябай кыйын. Ар кандай турмушта кырдал болот. Айрым кыздар кыздык белги жок төрөлөт. Ошого кечиргенди кудай кечирет, кечирбесеңер айыбын ачпай акырын, ызы чуусу жок ажырашып кеткиле дешет уламалар.

Кызга бергис жубан бар дейт кыргызда. Албетте ар кимдин өз эрки. Бирок молдолор күйөөдөн ажыраган келин идда ( үч жолу этек кири келүүсү) мөнөтүн күтүүсү абзел дешет.  Бул убакта аял киши тазаланат дешет. Балким ошол убакыт ичинде мурдакы күйөөсүнүн тассири толук түрдө жок болуп, кийинки болочоктогу бөбөкө өтпөйтүр.

Акыры айтаарым. Улуу Ата Мекендик Согушта, Фашисттик Германиянын гинеклогу Россиянын басып алган жерлердеги 16 жаштан 22 жашка чейинки кыздарды текшерген экен. 90 пайызында кыздык белги болгон. Ошондо гинеколог Адольф Гитлерге СССРге тез арада багынып берүүсүн суранган, анкенти маралдык жактан таза калкты басып алуу мүнкүн эместигин түшүндүрөт. Биздечи туугандар. Кимдер гана келип, кыздарыбызды бузуп жатышат. Көрсөк деле, көрбөгөн, сезсек деле сезбеген болуп бети калың кылып отурабыз.   

 

Поделиться в соц. сетях

Комментарии

Никаких комментариев по этому посту добавлено не было

Добавить новый комментарий

Вы должны войти в систему, чтобы добавить новый комментарий
Top