Кыргызстанга немис же япон президент керек

Без категорий
29.09.2019
521
Кыргызстанга немис же япон президент керек

                Кыргызстанга япон же немис президент керек.

                                                                              Өгүз болсун сүт берсин

    Кыргыз аябай кызык, ичи таар калк. Саясат чөйрөсүн айтып жатам. 36 тамганы тааныган кыргыз депутат же президент болууну кыялданат. Шайлоодо президент болмокчу 80ден ашык талапкер чыгып Гиннесс китебин рекродун жаңырттык.  Орус тилдүү жазма булактары «Плохой тот кыргыз, который не хочет стать президентом» деп какшык иретинде күлүп чыгышты. Илгери раматылык Бекмамат Осмонов чоголуган элге табышмак айткан эл. “Ар коктуда бирден үй, ар бир үйдө бирден бий. Бул ким?” деп. Элдер эмне дээрин билбей турганда. “Бул биздин кыргыз. Ар ким өзүнө өзү бий” өзү жооп берген. Ачуу чындык. Бир бирибизди укпаган, бир бирибизден кыйын болгон, чыр элбиз. Алгач кыргыз өзү президент, депутат, аким болгусу келет. Колудан келбесе, үй-бүлөөсүндөгү тың чыкма бирөөнү сүйрөйт. Үй-бүлөөсү дагы өзүнө окшоп, былжырбай болсо туугандарын колдойт. Туугандары деле эч нерсеге жарабаса, айылдаштары, айылдаштары болбосо, ошол райондун мыкты чыкмасына жабышат. Алар дагы ишке жарабаса өз аймактан, батыштан же чыгыштан издей баштайт. Ушундай ирип, чирип калган менталитеттин башаты көчмөн тарыхыбызга барып такалат. Албетте туугандык мамилени туу туткан жакшы. Туугандар менен каташып, ысык мамиледе болушту сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухамед осуят таштап кеткен. Бирок өлкө тагдырын чече турган убакта, саясаттын эки чылбыр бир тизгинин татыктуу инсандарга бериш керекпиз. Аттиң бирок андай эмес. Башчы түштүктөн чыкса, түндүктүн ичи ооруйт, түндүктөн чыкса түштүгү кызганат. Ушундай ирип, чирип калган системага ар ким кандай реформаларды сунуш кылып жатат. Кандай гана акылдуу ой пикирлерди бербейли, өлкөнүн өзгөрүүсү өтө кыйын. Бизде акылдуу, билимдүү жигиттер толтура. Бирок томолой жетим бийлике келсе деле анын туугандары топурап чыга келетда, баягы баягы койчумандын таягы болуп, боткосу чыгып калат. Ошого өлкө башчылыгына, япон же немис тектүү кризис менеджер келсе оңолобузго. Бул эки калктын тең дүйнө көз карашы такыр башка. Мамлекетчил элдер. Дүйнөнүн урматына ээ болуп, кадыр барк табышты. Убагында биздин биздин ата-бабаларыбызды кул кылып, Мысырдын (Египеттин), Индиянын базарларда сатышкан. Тагдырдын тамашасы экен. Кулдуктан султандыка отурушту.  Мамлюктар деген ат менен белгилүү. Жергиликтүү элдерден көрө ат жалында шамалдай ойноп, аскер иштерин мыкты билген адистер болгон. Өздөрүн кул кылып саткан монголдорду согушта таш талканын чыгарып, өч алышкан, ошол коноктогон элдерин бычагына сап болушту. Ошол талантын баалаган индиялыктар менен мысырлыктар аларга төрдөн орун беришти. Кылыч менен найзанын доору бүтүп, азыр технологиянын заманы. Бул эки калк немис менен япон технология жатында албан, албан ийгиликтерди жарата алды. Ошого туугандар. Намыстанбай эле, президентти ошолордон шайласак, өнүүгү болобу  деген ниетте айтып жатам. Мисалыга. Эптеп топ тебе албайт экенбиз. Германия менен Африкадан легионлерди чакырып, бир аз ийгилик бар. Алар топ тепкенде «Алга Кыргыз» деп тамагыбыз бүткөнчө кыйкырып жатабыз. Чынында алар кыргыз эмесда. Андай намыстанат экенбиз  чыксын футбол тааласына сарыбагыш менен саяктын жигиттери. Беттирин жалтыраган, костюм шым менен галустукчан кыргыздардан эчак эле түңүлдүм. Кийинки президенти деле Матрайимовко окшогон байлар эчак эле даярдап коюшкун. Шайлоодо жылкысын жеп, 1000 сом акчасын алып, алданып шайлап беребиз. Анан баягы эле таз кейпибиз бийлике муш кезеп, сөгүп жүрө беребиз. Мамлекет башына чет элдик эрендер келип, гүлдөткөн мисалдар толтура. Дүйнө минут сайын эмес, секунд сайын өнүгүп жатат. Корейлер ар бир 56 секунда бирден Хундай Соларис чыгарса, америкалыктар 3 d принтер менен адамдын боорун жасашты. Дүйнөлүк базардан орун табуусун ордуна, биз болсо жердешибиз президент болсо оңолобуз деп үмүтөнүп, жүрөбүз. Дүйнөдөгү чоң компанияларда иштеген акылдуу, кризис менеджер япон, немис жигиттерине президенттикти сунуш кылып, ак кийизге салып көтөрө турган учур талабы. Чоң мега компанияларды башкарган азаматтар бизди тез эле экономикалык кризистен сууруп чыгат. Амазон, Гуглга окшогон сайттын ондон бирин түзүшсө, 6 миллион болгон кыргыз эч жакка тентибей Кыргызстанда эле күн кечирмек. Кыргыздар дагы айтам кызык калкпыз. Ата-Мекендик өндүрүш турса, уялбай импорт товарларды мактанып колдонобуз, неге импорт акылды колдонуудан намыстанабыз. Акырында айтарым. Кытайдын саясатчысы  Дэн Сяо- пиндин сөзү менен аяктаймын. Мышыктын өңү кандай экени манилүү эмес. Негизгиси ал чычкан тутса болду. Биздин атка минерлер кезек кезеги менен эле президент болушуп, эч кандай келемиштерди тутпай, кайра эле алар менен табакташ болуп, элдин шорун катырды. Ал келемиштер өзүнчө бир мафиялык структура. Артында, айылдаштары, туугандары, уурулаштары, жердештери турат.  Балким сырттан башка бирөө келсе, өлкө өзгөрмөк.

Поделиться в соц. сетях

Комментарии

Никаких комментариев по этому посту добавлено не было

Добавить новый комментарий

Вы должны войти в систему, чтобы добавить новый комментарий
Top