Кыргызстан Ислам Республикасы боло алабы???? Хузбутчуларга жооп

Статьи
25.11.2019
485
Кыргызстан Ислам Республикасы боло алабы???? Хузбутчуларга жооп

Интернет айдыңында өзбек тилдүү, кыргызстандык бир жылдыз пайда болду. Махмуд Абдулмомун деген. Бул блогердин айынан өзбек соц сеттери экиге бөлүнүп, урушуп, чабышып жатышат. Акыркы күндөрү Махмуд Абдулмомун кыргызча түз эфирлерди уюштура баштады. Деги бул Махмуд Абдулмомун деген ким? Базар-Коргондук өзбектешип кеткен уйгур мусурман бир тууганбыз. Жашы 40та экен. Мурда Хизбут Тахрир радиосунда иштеп, азыр Украинада утурумдук жашап жатат. Кыргызстанда соттолгон. Кандай кесиптин аркасы менен жан багып жаткандыгы жөнүндө толук маалымат жок. Булар менен алгачкы танышуу мындан 20-25 жыл мурда болгон, баарыбыз эле көрсөк керек.   “Мусулмандар, каапырлар сызган чек араны алып салгыла. Бирикиле” деп кыргызча, өзбекче кагаздар мамычаларда илинип турчу эле. Бул чакырыктардын автору Хузбут Тахрир деген партия экенин билдик. Бул партиядагы мусульмандар Кыргызстандын конститутциясын таныбагандыктан, жана Кыргыз респубилкасынын констиутциясы динден ажыратылып, светтик мамлекеттик болгондуктан, Хизбут Тахрир париясынын максаттары, пикирлери мыйзамга туура келбейт. Хизбут Тахрир партиясы 1953 жылы, Палестинада жарыка келген. Алгачкы максатты Палестинадагы мусульмандарды куткаруу болуп, кийин эле панисламистик көз карашка ооп кетип, бүт дүйнөгө чилдей тарашты, өз саясаттын СССР кулагандан кийин Орто Азия мамлекеттерине эшигин ачты. Хузбут Тахрир партиясын максаты Азиянын Индонезиядан баштап, Европанын Босниясын кошуп, Африканын Марокосуна чейин мусульман халифаттын түзүү.

            7 атабыз мусульман болуп өткөн. Махмуд Абдулмомун көтөрүп жаткан идеялар бизге жаңы эмес. 751 жылы Таластагы араб-кытай согушунда ата-бабаларыбыз арабтарга кошулуп, кытайларды кууп чыгып, жалгыз кудайды танышат. Андан кийин алгачкы түрк тилдүү Караханийлер мамлекети пайда болот бул ортодо. Алардын мураскорлору болуп көптөгөн мамлекеттер пайда болуп, кайра жоголуп, эң акыркы исламдын принциптери менен жашаган Кокон хандыгы эсте калды. Орустар келип ойрон кылган соң, Лениндин революциядан кийин ошол ойрон болгон ордонун ордун толуктаганы бир кыйла иш аракеттер болгон. Мадаминбек миңбашы башында турган бабаларбыз шейит кетишти. Андан кийин Сталиндин убагында “Туран мамлекетин түптөмөкчүсүңөр”  деп Төрөкул Айтматов баштаган кыргыз интелегенциясы аттууга кетишкен. Кудайдын жазмышы ушундайбы айтор, майнап чыкан жок. Комунистик бийлик орноду. 73 жыл кудайсыз системада жашадык.  Эми Махмуд Абдулмомун айткан сөздөр куду ошол “Комунизмди курабыз. Кой үстүндө торгой жумурткалаган заман келет” дегендей эле ой калтырып жатат. Демократияны кубаттаган мусульмандарды куфргө чыгарып, элдешкис оппонетке айланышты.  Кана эле, ошол хизбутчулар бийликти алып, улутту уят кылган сойкулук, бачабаздык, паракордук, аракечтик жоголуп кетсе, алардын жашыл байрагын бүгүн биринчилерден болуп, үйүмдүн үстүнө илмекмин. Тилеке каршы, артык кылабыз деп тыртык кылып алабыз. Убагында комунисттер деле  кооз сүйлөп, тоодой убадаларды берген менен, иш жүзүндө теңирден тескери болуп кетет. Албетте динибиз ислам идеалдуу дин. Бирок чийки сүт эмген мусульмандар ошол пайгамбарыбыздын сызган сызыгы менен кете алышпады. Айрыкча азыркы мусульмандар мындай улуу ишке даяр эмес. Мунун объективдүү жана субъективтүү себебтери бар. Буларга кеңири токтолобуз.

Эми Абдулмомун Махмуд баштаган мусульман бир туугандарга суроолор. 

  1. Халифат куруу канчалык реалдуу иш план? Башка мусульмандарды мындай коёлу тили, жаны бир, Кыргызстан, Тажикистан, Өзбекистан жана Казакстан мамлекеттерин башы бире алабы??
  2. Халифат жөнүндө сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухамед (С.А.В) эмне деп осуят калтырган?
  3. Кыргызстан мамлекетинде мусульмандардын укугун ким чектеп жатат??

Албетте хизбутчулардын жооптору кандай болоору айдын ачык. Жогоруда айтылган суроолорго менин жообум.

  1. Куранда Аллах айтат. “Мен силерди улут улут кылып жаратым, бир бириңерди танып билиш үчүн”. Ар бир улут адам сыяктуу, өзөгөчөлөнүп турат. Муну менталитет деп коет социологтор. Эки улуттагы мусульмандар бир байрактын астына эмес, бир улуттагы мусульмандар бир мамлекетке батпай, кайра бөлүнүп, ичи ара тарынычтары көбөйгөнүн көрүп, жатабыз. Мисалыга араб мамлекеттери 20га ашыка бөлүнүп кетишти. Түрктөр менен туз насип буйруп иштеп калдым. Тилибиз бир, динибиз бир болгон менен дүйнө көз караштарыбыз такыр башка башка экенине ынандым.

Махмуд байке! Макул сиздер айткан ФАНО (Фергана, Андижан, Наманган, Ош) мамлекети Фергана өөрөнүндө түптөлсүн. Ага ким халифалык кылат?? Айрым хадистерде халиф сөзсүз түрдө куреиш уруусунан болушу абзел деген чакырыктар жүрөт. Ошого айрым араб тарыхчылары Осмон султандарын халиф катары таныбагандыгын ачык айтышат. Бизде төрдө ким отурат?? Кыргызбы?? Өзбекби? Базарда эки аял урушса, кыргыз-өзбек болуп бөлүнүп кеткен заманга жетип калдык. Кантип бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарабыз??? Мындай кландык, уруулук, жер жерге бөлүнүү, Кокон хандыгын убагында деле болгон. Махмуд байке! Сиз жакшы билесиз, Кудаярхандын кыпчактарды кырганан. Хандыктагы регионалдык балансты сактап калыш үчүн  хандардын энелери кыргыз кыздары болушкан. Ошо 250-300 жыл илгери намазкан, такыба болгон ата-бабаларыбыз ушундай каталарды кетирсе, чала даарат алган азыркы мусульмандар  биз кантип кыргыз-өзбек-тажик болуп мамлекет курала алабыз??? Кокон ханы Мадали өгөй энесине ашык болуп, үйлөнүп алганда, Бухара хандыгы Коконду басып алат. Зерикен сайын эле Хива, Бухара, Кокон хандыктары ичи ара согушуп турушкан. Эми Махмуд байке элестетип көрсөнүз. Ошол убакта шарият менен жашаган аталарбыз ушундай акмактык кылса, бизге ким гарантия берет идеялдуу башкарабыз деп. Азирети Усман халифтин өлүмүнөн кийин ФИТНА деген термин ислам тарыхына кирди. Саясатыбыз шайтандын куралы болгон фитнага аябай толду. Пайгамбарыбыздын неберелери Хасан менен Хусейиндин өлүмү мушриктердин колунан эмес, дал ушул беш убак намаз окуган мусульмандардын колунан шейит кетишти.

            Макул, Махмуд аке! Бүгүн уктап туруп, эртең сиз ойлогон халифат курулсун дейли. Кыргызы, өзбеги, казагы, тажиги бир атанын балдарындай жашыл байракты көтөрөлү. Ким гарантия берет фитналардын чыкпасына?? Тынч жаткан Украинаны тоз тололоң кылып, бөлүп, уруштуруп салышты. Бизге стабилдүүлүктү ким кепилдик кылат?? Керек болсо чоң державалар Өзбекистанды 5-6тыга бөлүп салат. Мен биздин калктын менталитет өтө жакшы билем. Кой-Таш республикасы болушуна аз эле калды. Ар бир байга бир айылды бөлүп берип, “президентсиң” десе, акылы кем нерселер жер өртөшөт. Каргашалуу 2010 жылкы июнь окуялары бизге сабак болушу керек. Ошол кандуу күндөрдү үчүнчү күчтөр оңой эле аткарып коюшту. Ушундай улутка, жер жерге бөлүнбөйт, фитна болбойт деп толук гарантия бере аласызбы?? Курган чакта деле Афганистандай болуп, артка Орто кылымга кетебиз. Себеби бөлүнгөндү жакшы көргөн кыргыз мусульмандарын башы бирдиктүү эмес. Бир мечиттин ичинде нурчулары бир бурчта, салафилери экинчи бурчта, даватчылары наркы бурчта болуп, өз өзүнчө казанын кайнатат. Биримдик жок болуп кантип сиз халифалык курам дейсиз??? Баса Афганистан демекчи, талибтер канчалык шарият өкүмүн аткарабыз деген менен, бангизат менен бачаваздык (гомосексуализм) токтогон жок. Сизда талибтердин таз кейпин кийип калбайсызбы??    

  1. Көпчүлүк уламалар, пайгамбарыбыздын “Мен кийин 40 жыл халифалык өкүм сүрөт” деген хадисин баса белгилешет. Имам Махдини мусульмандар неге күтөт??? Демек Имам Махди келгенге чейин ислам саясаты алсыз бойдон кала берет. Мен айткым келбейт силерге “даватты токтоткула” деп. Саясаттын алдың адамдардын жүрөгүнө дават кылуу актуалдуураак экенини талашсыз.
  2. Кыргызстан мамлекетинде мусульмандар узуну канча, туурасы ошончо болуп, ээн эркин жашап жүрүшөт. Куран-и-Карим 114 сүрөдөн турса, кыргыз конститутциясы 114 беренеден турат. 24 саат бою мечиттен чыкпай ибадат кылган мусульмандарга эч кандай тосколдук жок. Кыздарыбыз жоолукчан жүрөт. Бардык СНГ өлкөлөрүндө тыю салынган Таблиг Жамат бизде уруксат берилген.  Туура болуп жатат. Бут тосулар. Моюн бербей жатабыз. Мусулман болуу аста, аста дейт. Бизде жеткен алкаш дагы халаль колбаса сурап закуска кыла баштады. Халаль саясатка деле аз эле убакыт калды окшойт.

Махмуд байке!! Сиз аябай билимдүү, акылы зирек жигитсиз. Өзүңүз көрдүңүз, Сирияны эмне кылып жиберишти. Каапыр болгон алавит Бащар Асадка каршы чыкан мусульмандардын асыл ой максаттары заматта кыйрады. Ойдо жок жерден, ИГИЛ ислам мамлектин түзүп, ага жөөт Саймон Эллиот дегенди Абу Бакр Багдади деген тонду кийгизип дүйнөнү коркута турган халифат түзүп коюшту. Ушундай шерменде  цирк уюштурушту, бүт ислам дүйнөсүн жаман атты кылышты. Бул Израилдин иттерине сиз деле каршы экенинизди билебиз. Эгер ислам саясатты Орто Азия мамлекеттине келсе, сөзсүз түрдө Абу Бакр Багдадилер ар бир махаладан, айылдан чыгат. Ушул сизге керекпи?? Ошондой эле мусульмандарга күйгөн күйкө болсоңор, бардык күч аракеттериңерди Палестина, Сирия, Кашкарда кыйналган мусульмандарга жумшагыла. Жардам бергендеда оорукчан, кембагал тууганына баштайсың. Бардык ислам ааламына  тегиз карагыдай күн эмесиңер. Кудайга шүгүр, кыргызстандык ислам жамаатын абалы жогорудагы аты аталгандарга караганда бир кыйла жакшы. Саламатта болуңуз Махмуд Абдулмомун.

Поделиться в соц. сетях

Комментарии

Никаких комментариев по этому посту добавлено не было

Добавить новый комментарий

Вы должны войти в систему, чтобы добавить новый комментарий
Top