Көп кыргыз эркектери Даюс (жанатка кирбей турган) болду

Статьи
18.10.2019
802
Көп кыргыз эркектери Даюс (жанатка кирбей турган) болду

                   

                Көп кыргыз эркектери Даюс (жанаттын жытын жытыбай турган) болду.

Ассаламу алейкум мусульман туугандар. Бул катта айтылган сөздөр оозунда келмеси бар, өзүн мусульман деп сезген, кыргызча түшүнгөн мусульмандарга тийешелүү. Кудай таала Адам атабызды топурактан жаратып, анын кабыргасынан Ева энебизди эш болсун деп ага аманат катары берди. Бул дегени аялзатынын (карындаш, эже, эне, сүйүктүү жар) бүт бардык проблемалары биздин эркектердин моюнубузда. Айрыкча алардын таалим тарбиясына кудай алдында жооп беребиз. Анткени алар биздин аманатыбыз. “Биз кыргыздар ошол кудай берген аманатты туура пайдаланып жатабызбы”?? деген суроого албетте көпчүлүк кыргыз эркектери кыянаттык кылып жатабыз. Кызга кырк жерден тыю деп ата бабаларыбыз аялзатын канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай аярлап багып келсе, бүгүн биз аларды сыртка жумуш издетип чыгарып салдык. Жатат айылды, лөлүнүн эркегиндей болуп кыргыздын эрлери, аялдарын Россияга жөнөтүп, акчасын санап, жүрөт бука моюндуу байкелер карындаштарын Кореяга айдап, алардын акчасына машина алып, жүрөт инилер эжелерин Казакстанга кетирип, алардын акчасына там салып, апаларын Түркияга ишке айдап балдар жүрөт университетте билим алып. Биздин кыз келиндер четке чыканда, чет элдиктер башынан сылап, иш бербейт. Билип алгыла. Өздөрүнүн аялдары иштебеген, айлыгы аз иштерге орноштурат. Көпчүлүк учурда, жумуш берүүчүлөр жумуштан кийин ангилик кумарын кандырат. Урматтуу устазыбыз Чубак ажы кайра, кайра какшады, “Москвадагы Смешные цены деген магазинге кыздарды ишке киргизбегиле” деп. Бир жерине илип койгон жок биздин эркектер. Азыр деле ошол магазинде бүт биздин кыздар. Башка мусульман улутундагы туугандарга “кыргызмын” дештен уяласың. Кыздарыңардын тарбиясы өтө начар деп баа беришет. Намыс деген калбады. Ушунтип эже карындаштарын жүндүү маймылдардын колуна салып бергенче, биротоло сойкуканага ишке орноштурсаңар көбүрөөк акча табышмаксыңар.  Арам адалды ылгабай, кызганыч (кызганыч жаныбарларда деле бар, чочкодо жок экен) дегенди билбегенден кийин айырма кандай, Смешные ценыда иштебейли же сойкуканадабы??? Бул жүндүү маймылдар тек гана кумарын кандырып тим болбостон, ошол интимдик видеолорун интернетке жүктөп салыптыр. Акыры каңың кайнат экен. Кыргыздын баары сураштыра келсек тууганбыз. Ишенбесеңер ачып карагыла Яндекстен. Махрам (жакын эже-карындаш,эне, аялы) кызганбаган эркек жаннаттын жытын жытабайт деген хадис бар экенин билип турсакда акча үчүн аялдарыбызга айгыр таап берип, акчасын адалдап жеп жатабыз. Жукпайт. Бүгүн болбосо эртең тешип чыгат. Улуу Ата-Мекендик согушта энелерибиз аттын тезегиндеги арпаны жууп тазалап аш кылышкан экен. Абийирин сатышпаптыр. Кудай анын бетин нары кылсын. Эгер ошол немис азыркы кыргыздарга бастырып киргенде, кыздарыбызды өзүбүз эле жалаңачтап немистин койнуна салып бермекбиз. Биртке акча үчүн.Ушундай намысыз, уятсыз калка айландык. Жер кантип бизге окшогон эркектерди көтөрүп жүрөт түшүнбөймүн. Албетте мен силердин казаныңарга аш салып бермеймин. Азыр Кыргызстанда эч кандай идеалогия жок.  Жок бар экен. Аз көздөрдүн идеалогиясы. Кантип акча тапканың манилүү эмес. Негизгиси бай болуу. Жаңы машина минбесең жок, жаңы кийим кийбесең жок. Күн өтө берет. Бирок кудай берген аманатты айгырга салып берип, тапкан акчаңа кудай алдында жооп бересиң.

       Аялзаттын укугун коргогон батыштын жуугундусун ичкен, даюстар (махрам аялдарын кызганбагандар). Эмне үчүн миграцияда кор болгон аялзаттын коргобойсунар. Силер ойлогондой сыртка чыкпаса аялдын укугу бузулат имиш. Кайра сыртка чыгып аялдарыбыз тряпкага айланып жатат. Россиядагы базарларда кыргыз кыздарын Доширак деп эркелетип калышты. Акелери менен келген кыздарды деле көрдүк. Алгач акелери менен бир ай бирге болот. Анан жумушуна байланыштуу башка жака которулуп, эшек жайлоого чыгат. Аялзаты чыкса бир гана күйөөсүн эрчип чыксын. Башка улуттардын жанында шерменде болдук. Эми бул шерменделикти ар кайсы эркек ар кандай кабыл алат экен. Айрым кызуу кандуулар кол көтөрүп жиберет ошол этегин ачкандарга. Ошонтип өткөндө силер коруп чыкан Сапаргүл деген көпөлөк, Кыргызстанга келип алып, сутенер болуп шермендеси чыкты. Ошого окшоп, сапарда жүргөн кыздарыбыздын көбүнүн ниеттери бузулуп жатат. Буга албетте ушул кадамга түртүп жаткан биз күнөөлүүбүз. Илгери Үркүндө орустун желдеттери зордуктаган кыргыз кыздары өздөрүн аска зоодон таштап, шейит кетишкен экен. Шермендечилике чыдабай. Азыр болсо, орустун эркектерин зордой турган кыздарыбыз бар. Ошого кыздарыбызды чыгарбайлы. Уулдун тарбиясы улуттун, кыздын тарбиясы бүт кыргызды сактайт. Он гүлүнөн бири ачыла элек курчак ойной турган убакта кыздарыбызды мынтип тентитип, көчө тарбиясын берип жатабыз. Билем кыздарды четке чыкпасын деген мыйзам кабыл алынбайт. Буга айрым депутаттардын акылы чындап жетпесе, көбү атайлап кабыл албайт. Себеби Кыргызстандын Тайландка айлануусу булар үчүн аябай ынгайлуу. Сойкулук көбөйсө, кылмыштуу топ менен бирге депутаттардын бизнеси кызыйыт. Ансыз деле толтура дептуттардын сауналары табылды. Өз киндигибизди өзүбүз кесип, кыздардын чыгайбалы. Кыз бала үй бүлөөдө мейман. Аны башка бирөөгө жар кылып узатуу бардыгыбыздын милдеттибиз. Эгер сенин эжен карындашың бузулуп, эрге тийсе, билгин сагада бирөө бузулган эже карындашын берет.. Жашоо бул чынжыр. Барыбыз бири бирибизге байлаганбыз.

Поделиться в соц. сетях

Комментарии

Никаких комментариев по этому посту добавлено не было

Добавить новый комментарий

Вы должны войти в систему, чтобы добавить новый комментарий
Top