Каракалпактар Арал деңиз менен кошо соолуп бара жатат

Без категорий
1.10.2019
407
Каракалпактар Арал деңиз менен кошо соолуп бара жатат

                                             Каракалактар Арал деңизи менен кошо соолуп бара жатат.

               Байыркы Римдиктердин “Душмандарды бөлүп, жарып бийле» деген залым сөзү бар. Өзбекистан бизге кандаш мамлекет. Динибизде эки мамлекеттин эмес, эки адамдын ортосуна от салган адам эки дүйнө жарыбайт. Каракалпактар менен өзбектерди бөлөм деген ой такыр жок. Биз түрк тектүү элдер, кыргыз, казак, өзбек, каракалпак, түркмөн бир байрактын астына бириге турган тууган элдербиз. Биз түрк элдери бир унитардык мамлекетке бирикпесек дагы, конфедерация түзүп, союздук мамиле түзүүгө эчак эле убакыт өтүп, кеткен. Дини, тили, салты бир элдерди Лениндин саясаты байыркы римдиктердин акылына таянып, майдалап бөлүп салган. Большевиктер келгенге чейин, биз жашап турган жерлер Батыш Түркестан деп аталса, Чыгыш Түркестан азыркы Кытай басып алган Синьцзян Уйгур Автономиялык округу аталган. Ошентип, Түркестандын батышын орус жесе, чыгышын кытай жутуп алды. Негизинен бул калктардын тамыры бир болгондуктан, ошо кезде, Ташкентден же Казандан басылган китепти, ар бир кат таныган уйгур, кыргыз, казак котормочусуз окуй алган. Азыр бул улуттар бир бирин жай сүйлөсө араң түшүнөт, түшүнбөгөн учурлар дагы кездешет. Бул биздин бабаларыбыздын кылган абдан чоң катасы болуп эсептелет. Ынтымагы ыдырап, Кокондуктар өзүнчө, Бухаралыктар башка, Хивалыктар тиякта, Кашкарлыктар өзүнчө кыйын болуп, зерикенде ичи ара согушуп, биримдике келбегендин кесепетинен бизди душмандар басып алды. Ошол бабалардын катасын азыркы каракалпактар менен өзбектер улап, интернетте кадимкидей согушуп жатат. Экөөң тең башын кыблага койгон мусулман туугандар. Кимисине жан тартышты билбестен ээсиң оойт. Каракалпактардын өзбек өкмөтүнө бир кыйла ички тарынычтары бар экенин ОБЕСнин трубинасынан айтып чыгышты. Эсептей кетсек, Фергана областындагы өзбек улутундагы фермерлерди, Каракалпакстанга көчүрүп, аларга суулуу, мыкты жерлерди берип, каракалпактарды каракалпакча окутпай өзбектештирип жатат, каракалпак келиндерди стирилизациялап, төрөбөс кылып, каракалпак эркектерин жыныстык мүчөлөрүнө жалган варикоз деген диагноз коюп, тукумсуздандырып жатат имиш. Дагы бир кыйла толгон токой күнөөлөрдү өзбек өкмөтүнө артса, өзбек блогерлери моюнга алышпайт, алардын ою боюнча, Каракалпакстандагы жашоо Өзбекстандан караганда алда канча дурус имиш. Бул имиштердин канчасы жалган, канча чын, бир кудайга маалым. Каркалпакстан дүйнөлүк маалыматтан аралына айланып, алыстап калган. Эч кимди кызыктырбагандай. Тили булбулдай сайраган Озодлик менен Америка Овози  радиолору Каракалпакстандагы көйгөйлөрдү өгөйлөп, Кыргызстандын түштүгүндөгү өзбектерге көбүрөөк кызыгат.  Бул албетте түшүнүксүз бир саясат. Эми каракалпактардын тарыхына бир аз токтоло кетсек. Союздук республикалар курулган учурда, лениндин улуттук саясатты каракалпактарды казактарга кошуу аракетине, каракалпак активисттери Кырк кыз эпосун бетке кармап, каракалпак казактан башка улут экенин далилдеп, ошо кездеги КазахСССРине  курамына кирип, кийин РСФСРдин курамына киргенде, 1936 жылы Өзбекистан бул чоң аймакты өз курамына кошуп алат. Ушунтип футбол тобунадай болуп, нары бери өтүп, СССР кулаган чакта Союздук Республикалардын ичинен биринчилерден болуп 14 декабрда 1990 жылы өз көз карандысыздыгын жарыялап жиберлеп. Ошентип 3 жыл көз карандысыздыкта жашаган мамлекетти 1993 жылы ошо кездеги Ислам Каримовдун режими басып алат. Каракалпакстандын ошо кездеги  Жокаргы Кенгестин төрөагасы Муса Ерниязов ортодон табышмактуу жок болуп кетип, Каракалпакстан 20 жыл келишимдик мөөнөт менен Узбекистандын оккупациясына кайра кирет. Бул жанагы апендинин жоругудай эле келишим болгондой. 20 жылдан кийин же апенди өлөт, же хан өлөт, эч болбоду дегенде эшек өлөт. Ошонтип убакыт зымырык куштай учуп, 20 жыл өтүп кетти. Диктатор Ислам Каримов раматылык болду. Өзбек өкмөтү бул жөнүндө ооз ачпайт. Каракалпак туугандар арызданганы, арызданган. Референдум болгон чакта деле каракалпактар өз мамлекетинде азчылыкты түзүп калышты, 45 пайызга араң жетет. Жумушсуздуктун айынан, Аралдын экологиялык кесепетинен, ж.б проблемалардын айынан, 100 миндеген каракалпактар ошол 20 жыл ичинде өз мамлекетинин таштап чыгып кетишти. Көбү Казакстанды байырлап калды. Өзбек өкмөтү дагы 50 жылдан кийин референдум өткөрүшү мүнкүн. Ошондо каракалпактар кызыл китепке кирип, сейрек кездешүүчү жаныбарлардын тизмесинде болот. 

                Бул каракалпактардын арызын дүйнөлүк аренага алып чыгып, бүт мусульман түрк ааламын уят кылып, чуу кылбасан,  түрк тилдүү өкмөттөр өздөрү эле киришип, өзбек өкмөттүн тартипке салып, чечип койсо болмок. (Түркия, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнистан). Каракалпактар Арал деңизи менен кошо соолуп жоголуп жатышат, жаныбарларды коргоп чыкан адамзат каракалпактардын проблемаларына кош көнүл мамиле жасоодо. Каракалпактар азаттык алабы, албайбы өздөрү билет. Тез арада түрк тилдүү элдерден комисия куралып, каракалпактар арызданган маселелерди карап, териштирип, чыгыш керек. Эң алгач Каракалпакстанды өзбектештирүү токтотулсун. Динибиз исламда улутун эмес, фамилиясын өзгөрткөнгө уруксат жок. Кочкордун баласы улак, текенин баласы козу болуусуна каршы. Жазгандарымы өзбек бир туугандар туура кабыл алат деген ойдомун. Каракалпактардын тагдырына эң кайдыгер караган Казак бийлиги. Казахстандын кызыкчылыгы ушунда, Каракалпакстандан көчүп келген казак, каракалпактар, Казакстандагы ээн жаткан жерлерге жайгаштыруу, ошонун себебинен өлкөнү орусташуу деген балээден куткаруу. Мен каракалпактардын бөлүнүп, же бөлүнбөшүн билбеймин. Аны Каракалпакстан жарандары чечет. Мен тек гана каракалпактардын тукум курут болуп кетүүсүнө каршымын. Ошо тез аранын ичинде каракалпак элин арыз муңун угуп, чын төгүнүн текшербесек, эртең кеч болуп калат.                        

Поделиться в соц. сетях

Комментарии

Никаких комментариев по этому посту добавлено не было

Добавить новый комментарий

Вы должны войти в систему, чтобы добавить новый комментарий
Top