Эмне үчүн Кыргызстан Олимпиада оюндарында алтын утпайт.

Без категорий
20.09.2019
497
Эмне үчүн Кыргызстан Олимпиада оюндарында алтын утпайт.

                                              

                Эмнеге эгемен Кыргызстанда Олимпиада чемпиону жок

Эгемен болуп, өз алдынча болгонубузга 30 жылга чамалап калды.  Ушунча жылдан бери Кыргызстан олимпиада оюндарына 5-6 жолу катышып, бирөөда олимпиада чемпион болуп,  алтын алган жок.  Бүгүн Айсулуу Тыныбекова Нур-Султанда дүйнө чемпиону болуп калса, калпагыбызды көкө ыргытып, “Олимпиададан медаль” ал деп үмүт артып отурабыз. Соц тармакта кыздар күлүп отурат. “Кыргызстанда эки эле эркек намыска жарады. Бири Валентина Шевченко, экинчиси Айсулуу Тыныбекова” деп эркектердин намысына тийип отурушат. Маселенин өзөгүн издеп көрөлүчү. Эмнеге ушунчалык жолубуз катуу олимпиада оюндарында?? Коншу Өзбекистан менен Казакстан ар Олимпиада сайын 5-6дан алтын медаль утат. Баягы эле каржы жок деп жыртык чөнтөктү көргөзүшөт. Кыргызстандан алда канча кедей африкалык өлкөлөр бар. Камерун, Кения деген. Алардын жөө күлүктөрү эч кимди алдына салдырбай чуркашат. Чуркаш боюнча дайыма алтын тагынат. Ооба, алардын дене түзүлүшү бизден узунраак. Ар бир эл, адам сыяктуу. Кайсыдыр бир спорттон артыкчылыгы бар. Айрым элдер миллиондогон акча сарптасада, эч кандай жыйынтык чыкпайт. Мисалы. Индия менен Түркменистан. Миллиард калкы бар Индия өткөн Олимпиада араң бир коло утту. Аныда Айсулуу Тыныбекованы  уткан индиялык кыз алып берип, бүткүл Индияда майрам болду. Демек бул жерде  маселе калктын санында, акчанын көптүгүндө эмес экен. Кичинекей болгон Дагестандын ар бир районунда 5-6 олимпиаданын чемпиону болгон балбандарга толтура. Калктын жөндөмүндө экен. Түркмөн спортчулары медаль ала албай келгени үчүн президентинен аябай сөккү эшиткенин билебиз, “ушунча акча кетти үмүттү актабадыңар” деп. Демек бул жерде ийгилик акчада эмес экенин түшүндүрө алдым. Биздин спортчулардын бешенесине эшек тепкенин эки себеби бар. Биринчиси. Тууганчылдык жана таныштык. Жөндөмү бар жигиттерди эмес, өңү түсү жакындарды жөнөт. Айрыкча орус тилдүүлөрдү акылдуу көрөшөт. Балким орус тилдүүлөр акылдуудур. Бирок күч атасын таныбайт. Ал жерге чыгып орусча сүйлөсө эч ким жеңишти бербейт. Кыргыздын байрагын көтөрө турган  жигиттер айылдардан издейли. Урса, буканы жыгыта турган жигиттерге байбыз. Бирок көрбөйбүз, билбейбиз. Макул, кениялыктардай чуркай албайт экенбиз, дагестандыктардай күрөшө албайт экенбиз. Кантип мылтык ата албайбыз. Биз Кожожаш мергендин тукумдарыбызго. Ар бир тоолук кыргыз мергенчи. Өткөндөгү тажикистандык чек арачылар менен атышкан. 3-1 болуп кимдин ким экени билинди. 2010 жылкы Оштогу тополоңдо атайын даярдыктан өткөн сеператист снайперлерди, тоодон түшкөн мергенчилер атам заманда калып кеткен, басмачылардан калган мылтык менен атып жок кылды. Кантип ат минип, медал ала албайбыз. Ат кыргыздын канаты болуп туруп эч кандай жыйынтык жок. Карасаң эле, ат мингенида, мергенчисида саргайып орустар барат. Улутчулук кылбаймынго. Бирок алардан кыйын айылдык туугандар турганда, наркылар жөн эле барып, саякаттап келгенин токтотсунчу.  Фехтованиедан бирда медаль жок. Анан кантип Манастын урпагыбыз дейбиз.  Экинчи себеп бар. Тормоз болуп турган. Бул биздин спорчулардын көбү криминалга аралашкан. Кримтөбөлдөр менен коррупционерлер ачык, тымызын колдоп турушат. Арам тамак курсагына түшкөн адамдын дубасын Аллахым кабыл кылбайт. Ошого тер төгүп кылган мээнети теке кетет. Балким башка башка мамлекеттер деле криминал спорту колдоп ийгилик болуп жаткандыр. Бирок бизге арам жакпайт.

Поделиться в соц. сетях

Комментарии

Никаких комментариев по этому посту добавлено не было

Добавить новый комментарий

Вы должны войти в систему, чтобы добавить новый комментарий
Top