Өмүрбек Текебаев кыргыздын №1 душманы

Текебаев Кыргыздын №1 душманы

Новости
15.09.2019
1375
Өмүрбек Текебаев кыргыздын №1 душманы

Текебаев кыргыздын №1 душманы.

        Бала болуп башым чач чыкандан бери телевизордон Текебаев деген фамилия түшпөй келет. Муну менен кошо саясатка киргендердин көпчүлүгү раматлык болсо,  калганы саясаттан аутуна калкып чыгып калды. Деги Өмүрбек Текебаев деген ким?? Кыргызда салт болуп калгандай алгач ата тегин такташтырат. Айрымдары мундуздардан десе, калгандары кыргыздашып кеткен жүздөрдөн (түрктөрдөн) дешет. Мен анын Базар-Коргондук физик экенин так билем.  Кансыз согушта эсил кайран СССР жеңилип, ЦРУ өз кадрларын пост советтик өлкөлөргө эге баштаганда, Текебаев окуучуларын пахтага чыгарбай коюп, саясий упай топтоп, саясаттын эң жогорку тепкичине өтө тез жеткен.  Өтө табышмактуу деле эмес. Азыр деле Американын конгрессинин арыгын чапкан журналисттер Жогорку Кеңеште отурушат.  

Чейрек кылымдан ашты Өмүрбек Чиркешевичтин саясатта жүргөнүнө. Эмнени кыйратты??Ошодон бери сасык саясаттын казанында шорподой кайнап, бирок кургак, таптаза болуп чыгып кетиш үчүн не деген укмуш талант жана интриган болуш керек. Кайсы саясий көйгөйлөрдү чечти?? Тескеринче Текебаев жүргөн жер чыр менен тополоңго толо.  Айрым чолок акылдар Текебаев чындыкты айтат дешет. Текебаев эч качан чындыкты айткан эмес, жана айтпайт. Айтат эгер Текебаевке каршы кара пиар болсо, оппонеттерине каршы шантаж,  компромат кылып ошону чындык деп колдонот. Текебаевден мамлекет тек гана зыян тартты. Эми Текебаевдын кандай душмандыгы бар?? Эсептейли.

1Саясатка киргенде эле, Абсамат Масалиевке каршы кутумга катышкан. Аскар Акаевдин келишине, Абсамат Масалиевдин кетишине чоң себепчи болгон. Абсамат Масалиев кетпегенде, Кыргызстан мынчалык талкаланбайт эле. 2. Күмтөр. Өкмөттү өтүктөй өкчөгөн Кумтөрдү Текебаев сындамыш болуп, кош көңүл мамиле жасайт. Садыр Жапаровдой жалындуу болуп чын дилден каршы чыкпады. Себеби түшүнүксүз.                                                                                                                                     3. Үзөнгү-Кууш маселесинде Nazarnews Текебаев жөнүндө өтө так жазган.  “Аксыдагы кандуу окуянын арманы али муздай элек кезде, арадан эки айга жакын убакыт өтүп-өтпөй, 2002-жылдын 17-майында Аскар Акаевдин бийлиги Үзөңгү-Куушту Кытай тарапка өткөрүп берүү боюнча даярдалган документти ратификациялоо үчүн Жогорку Кеңешке алып келет. Ошондо ал документке кар­шы пикирин билдирип парламенттеги бир топ эл өкүлү залды таштап чыгып ке­тет. Алар менен бирге «Ата-Мекен» пар­тиясынын лидери Ө. Текебаев дагы кошо жөнөйт. Натыйжада отурумду баштоого кворум жетпей калат. Бирок... бирок көп өтпөй Ө. Текебаев кайрадан жыйынга кирип келет. Кайрадан кворум пайда бо­лот. Калганы техниканын иши дегендей 41 депутат Үзөңгү-Куушту Кытай тарап­ка өткөрүп берүү боюнча «макул» деген добуштарын беришип ратификация иш­ке ашат. Ал кворумду жараткан Текебаев болсо амалкөйлүк менен «каршы» деген добушун берет. Кеп анын берген же бер­беген добушунда эмес, эң негизки маселе Акаевдин бийлигин канаат­тандырганы Ө. Текебаевдин үзүлүп турган кворумду жа­ратып бергенинде болгон. Бул көрүнүштөн кийин зал­ды таштап кеткен Азимбек Бекназаров башында турган депутаттар тобу (калп дебес, азыр деле алардын эстеринен чыга элек болсо керек) «Ата-Ме­кен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мындай кадамын бийлик менен болгон жашыруун «сговор» ката­ры баалап, аны элдин жана мамлекет­тин кызыкчылыгын жеке кызыкчылыгы үчүн сатып жиберген чыккынчы катары айтып чыгышкан. Ошондон кийин эл оозунда Үзөңгү-Кууштун Кытайга өтүп кетишине Ө. Текебаевдин да салымы бар деген сөздөр айтылып калган. Анан да дагы бир белгилей кетчү нерсе, ошол окуялардан кийин Акаевдин бийлик жа­соолдору тарабынан оппозициялык маа­найдагы саясатчыларга болгон кысымдар күч алып өз пикир­лерин ачык билдиргендер биринин ар­тынан бири катуу куугунтуктарга ка­былып жатышты. А бирок, андай куу­гунтуктар негедир «оппозиционер» Ө. Текебаевди айланып өтүп жатты...

Айтмакчы, ал кездерде А. Акаевдин үй-бүлөлүк бийлиги өлкөдөгү бардык бизнес жайларды эле эмес, чуть эле «ска­мейкаларга» чейин көзөмөлүнө алып турган кез болуп калган. Ошол кез­де борбордун чок ортосунда Жогорку Кеңеш жайгашкан имараттын жанын­да «Дубовый парк» деген тамакта­нуучу жай боло турган. Муну ай­тканыбыз Үзөңгү-Кууш маселеси чечилгенден кийин ошол тамак­тануучу жай Ө. Текебаевге таан­дык болуп калганы туурасында коомчулук арасында абдан эле көп сөздөр айтылган. 2010-жыл­дагы апрель революциясынан кийин ошол «Дубовый парк» жаркыраган, эң кымбат тамактануучу «Фрунзе» ресто­ранына айланып, кийин ал жай Ө. Те­кебаевдин жубайына тийиштүү деген маанайдагы маалыматтар бир топ эле ММКларда жарыяланганы бар. Эми азыр анын баары бутташып-чатташып кетти, аныгын деле эч ким таба албай калды ок­шойт. Болгону, «Ата Мекен» партиясы­нын лидеринин ошондогу «оюндарын» жана эл оозундагы айтылып калган кеп­терди Өмүрбек Текебаевдин өз абийри­не койдук, «калк айтса да калп айтпайт» деген элдик накыл кепке таянуу менен» (Автор; Назарньюс)

4) Парножылдыз. Энеден туума болуп Өмүрбек Черкешович саунада эс алганын баарыбыз көргөнбүз. Антон Чеховдун “Өз жарына кыянаттык кылгандар, мекенге дагы кыянаттык кылышат» деп баса жазган. Башка бир уяты болгон адам болсо, эчак эле  абийири чыдабай асынып өлүп алмак. Мекенге болгон эч кандай ыктоосу жок. Бирда жолу кыргыз тилин же чек ара маселелерин трубинага алып чыканын көргөн эмесмин. Аймакы аялдардай болуп  депутаттар менен тытышып, чукушуп эле отурганы отурган. Кызык элбиз. Чубак ажы адалдап, токол алса ур тепкиге алабызда, Текебаев ойнош ойноп, арамдаса, аны баатыр кылып салабыз.

5)Марадерлук. Өмүке чокту башка бирөөнүн колу менен кармап, өз очогуна салып, байыды. Саясатты кайнаткан өтө куу,  митайым саясатчы. Ата-Мекендин мүчөлөрү марадер болуп, аларга тымызын буйрук берген Текебаев сүттөн ак болуп чыкты. Анда Текебаевди айга, күнгө теңеп жүргөн Сентябрь телеканалы марадерлуктан түшкөн олжо экенин куудул Абдылда Иманкулов айтып чыкты ( https://www.youtube.com/watch?v=yQLNB2DTlWc )

6) Түштүктөгү 2010 жылкы кандуу окуяларын автору Текебаев экенин Жылдыз Жолдошева далилдесе, укпаган адам болуп отурабыз. Ошондогу Текебаевдин укаси раматылык Асылбек Текебаев Кадыржан Батыров менен киндиги туташып, Бакиевдерге каршы жер өрттөп жүрүшкөн. Текебаев өзбек сеператисттерине автономия убада кылган, өзбек сеператисттери анын ордуна Убактылуу өкмөттү колдомой болушып, согуш башталат. Кадимки эле чайкоочулук болгон.                ( https://www.youtube.com/watch?v=Kw4SItW9A8c&t=739s ), согуштан кийин Текебаев эл аралык иликтөө кылам деп Киммо Кильюнен деген финди чакырып бүт күнөөнү кыргыздарга оодарып коюшту.

7) Текебаевдын мыйзамдары жана конститутциясы. Коомдук ишмерлер Токтайым Үмөталиева, Адахан Мадумаров жана башка эксперттер дайыма Текебаевин констиутциясын сындап келишкен. Акыры Атамбаев “Текебаевдин конститутциясында ар бир кадамында бомба бар экен” деп агынан жарылды. Чындыгында ошондой болгон. Батыштагы суфлердун айтканы менен жазылган конститутциядан эмнени күтсөк болмок?? Бир эле мисал. Жогорку Сот сеператист Азимжан Аскаровду камаганда, эл аралык сотторго арызданып, бийликти акмак кылбадыбы. Текебаев ошонтип, акыркы чечимди эл аралык соттор чечет деп конститутцияга киргизип койсо, мамлекет эмес эле, эшек жайлоо болуп калган.

            Мен билген бул жетөө эле. Билбегеним канча. Текебаевсиз деле эки жарым жыл жашадык. Эми кечээ чыгып, каргышка калган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн топтоп алып, бир деменин башын баштаганы жатат. Карыганда тынч эле оокатын кылып,  тообо келтирип, ошо Акманга барып мал багып жата турган убагы келди.  

              

 

 

Поделиться в соц. сетях

Комментарии

Никаких комментариев по этому посту добавлено не было

Добавить новый комментарий

Вы должны войти в систему, чтобы добавить новый комментарий
Top