Балаңдын боорун жеп болсода бийликти сактап кал. (Чыңгыз хан)

Статьи
2.12.2019
301
Балаңдын боорун жеп болсода бийликти сактап кал. (Чыңгыз хан)

Акыркы күндөрдө, Кыргызстандагы саясаттын жыты москвадагы мигранттарга дагы жытана баштады. Бийликтен чекеси жылыбаган мигранттар сөзсүз түрдө Ак Үйгө нараазы экенин билген айрым саясат айдыңындагы чоролор бул мүнкүнчүлүктөн пайданаланып, оңой саясий упай топтоо менен алек. Мигранттардын башын бириктирип, бир чоң күчкө айлантып, саясатта өз ордун табууну  кыялданган эргулдар толтура. Айрымдары тың мигранттарды ээрчитип, партия түзүп бийликтин койнунда күн өткөрсө, устукан жетпей калгандары дале кабагын салып тарынып отурганы кербези. Ошондойлордун бирөөсү Чолпонбай болуп, Казакстандагы чек арадан аттап кирери менен дароо камака алынды. Жабырлануучу  доо арызы кайра алды, президенттер алмашты. Байкушту түрмөдө көгөртүп кармап отурганы, отурган. Экинчиси тили буудай куруган, тегирмендин ташына салсаң, укаланбай, эки кап унду көтөрүп чыкан мырза. Бул саясатчы, берки ала көөдөн шеригинен айрымаланып, бир кыйла акылдуу тактиканы колдонуп, жатат. Азыр байма бай россиядагы кыргыздарга каттап жүрүп, эң көп кадыр баркты ээ болду.  Мигранттарды жумшап, улам, улам түрдүү саясаттагы оюндарды куруп, бийлике сес көргөзгүүнүн амалдарын ойлоп табууда. Мурда “Мен макул эсесмин” деген жөрөлгө менен бийликтин  жүргүзүп жаткан саясаттына бир кыйла сын пикир айтып, Москванын көчөлөрүн түрө кыдып, бийликтин мышыгын пыш дей алган жок. Эми экинчи чечүүчү экинчи раудка даярданып жатышат. «Менин укугум бар» деген демилге менен чыгышты. Жакшы ниет, жарым ырыс дейт кыргызда. Мурдака шайлоонун шайтан оюндарында 95 пайыз россиядагы мигранттар шайлоого каталбай, четте калышкан. Эми розовый көз айнекти чечип, кыргыз саясатынадыгы шайлоого олутуу бир карайлы. Качан эле ушу кыргыздын шайлоолору адилет өттү эле? 1995 жылдан бери түрдүү фокустар менен коштолуп келет. Добуш сатып алуу, добуштарды бурмалоо. Ошо 1995 жылы Аскар Акаевды ыраматылык Абсамат Масалиев жеңген. Кийинки шайлоолордо деле бийлик оппазицияга жеңилип келе жатат. Бирок добуштарды эсептей келгенде эле баягы желмогуздардын добушу көп болуп чыгат. Добуштарды сатууну токтотсок токтотобуз, бирок добуштарды бурмалоону токтото албайбыз. Анткени шайлоо комисиясында бүт өкмөттүн адамдары отурат. Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса болуп, жогорудан кандай буйрук келсе, ошону жазбай аткарышат. Макул силер идеал туткан адамдар бийлике келген убакта деле азыркы ирип, чирип калган чоңдор менен иштешет. Баягы баягы койчумандын таягы, болуп Москвадагы күндөр өтө берет кайран элим.

   

Поделиться в соц. сетях

Комментарии

Никаких комментариев по этому посту добавлено не было

Добавить новый комментарий

Вы должны войти в систему, чтобы добавить новый комментарий
Top