Атабыз Кыргыз, энебиз Тажик, динибиз Ислам

Статьи
18.09.2019
522
Атабыз Кыргыз, энебиз Тажик, динибиз Ислам

                                                                                       

                                                                                 Атабыз кыргыз, энебиз тажик , динибиз ислам.

Урматтуу кыргызым. Ачуу душман, акыл дос. Акыркы чек арада болуп жаткан жагдайлар ар бир кыргызстандыктын жүрөгүнөн кан тамызгат. Эмоцияга алдырбайлы, душман табыш оңой, дос табыш өтө кыйын. Айрыкча коңшу, тууган Тажикистан менен мамилени бузуш кудайга жакпаган иш. Чек арадагы көйгөйлөр өтө назик, кылдаттык менен чечилиши керек. Болуп өткөн кандуу окуяларга тажик калкы дагы, кыргыз калкы дагы күнөөлүү эмес. Бул болгону эки бийликтин (тажик жана кыргыз) шалакылыгы.

           Туугандар!!! Жеңди түрүп, “Баткенге барам” барам деген жарма патриоттулукту, чагымчылдыкты токтоткула. Жиндилике салып, азыркы заманда эч кимди коркута албайсың. Найза, кылыч маселени чечкен убак эчак эле өткөн. Барган чакта деле, эч нерсе ордуна келбейт. Кайра курчуп, душмандарга күлкү болобуз. Ансыз деле Кытай жакынкы 50 жылдагы картасына Кыргызстанды дагы, Тажикистанды дагы кошуп алыптыр. Ушинтип ызылдаша берсек, эртең бизгеда, тажиктергеда насип кылбайт ошол талашкан жерлер. Кытайга кошулуп, уйгурлардын таз кейпин кийип калабыз.

        Туугандарым!!! Тажик бөтөн калкпы?? Ушул кан төгүлгөндөн, энебиз Каныкей көрдө бир оодарылды окшойт. Ал тажик кызы элего. Айрым манасчылар Манас бабабыздын мүрзөсү дал ушул Баткен тоолорунда дешет. Жесир калып, Бухарага качып кетип жатып, ушул Баткен аймагына көмгөн деген божомолдор бар. Тажик менен кыргыздын каны (гаплогруппа R1а) бир экенин окмуштуулар деле изилдеп чыгышты. Саждага баш койгон намазыбыз, өлсөк мазарыбыз, тирүүбүздө базарыбыз бир элбизго. Эки метр жер деп талашып урушканыбыз кудайга жакпаган иш болду.

     Деги кыргыз менен тажик талашып жаткан жерлер кимдики деген суроого. Качканда кудай дейт, кууганда кудай дейт экен. Тажикда, кыргызда “меники” дей берет. Ал жерлер кудайдыкы, мусульмандардын жери болгон. Ата бабаларыбыз улут бөлбөгөн. Чек ара жок болгон, большевиктер келгенче чейин. Ар бир мусульман ээн эркин көчүп, конуп жүрө берген азан айтылган жерлерде. Оозундагы “Ла иллахи иллах, Мухамаду расулах” деген келме паспортун ордунда болгон. Ишенбесеңер Түштүк Тажикистанда кыргыздын бир бөлүгү жашайт лакай деген. Дуйшанбенин ашып, Афганистандын тоолоруна чейин мал жайып калып кеткен ошол лакайлар.

   Пайгамбарыбыздан калган хадис бар. “Өлгөн мусульманда, өлтүргөн мусульманда тозоко түшөт”,  “Өлгөн мусульман неге тозоку болот ” дешкенде. Сүйүктүү пайгамбарыбыз “Өлгөн мусульман дагы өлтүрөм деп ниет кылган” деп жооп берген экен.  Шамга азан айтылганда, автомат атышып, бүт ислам дүйнөсүнө уят болдук.

   Чек арадагы чырлардын негизи себеби мафиялык түзүмдөрдүн кызыкчылыгы. Тажиктерге бизден ГСМ ж.б күндөлүк керектелүүчү буюм теримдер кирсе, Афганистандан тажиктер аркылуу бизге банги зат кирет. Чек аралар такталып калса бул мафиоздодун иши кыйындашат. Кудай билет Лейлекте атышуу болгондо канчалаган кандробанда  башка посттордон өттү.

    Өткөн ишке салават. 3 тажик жоокери, 1 кыргыз жоокери каза тапты. Аллах күнөөлөрүн кечирип, бейиштен орун берсин. Ошол 4 маркумду бир мазарга көмгөндө тарых үчүн абдан бир жакшы сабак болмок. Ырымдап, экинчи кайталанбасын деп ошол кадамга бара албадык. Кайра ачууланып, жолдорду тосуп, сес көрсөтүп, кудайга жакпаган ишти кылып жатабыз. Ар бириңиздерге Аллахтын тынчтыгын каалап, макаланы аяктаймын.  

Поделиться в соц. сетях

Комментарии

Никаких комментариев по этому посту добавлено не было

Добавить новый комментарий

Вы должны войти в систему, чтобы добавить новый комментарий
Top