Африкалык мигранттар биздин мигранттардын нанын жарты кылабы???

Статьи
18.11.2019
569
Африкалык мигранттар биздин мигранттардын нанын жарты кылабы???

“Кечээки секелектер, бүгүнкү байбайчелер” деген ыр эсиңердеби??  Кечээки уборщица кыздарыбыз бүгүн Россиянын эмгек биржасында бир кыйла ийгиликтерди багындырып, алды ошол ресторантдарда, магазиндерде башчы болуп калышты. Өзбек, тажик кыздарына салыштырмалуу бир кыйла акылы тетик болгондуктан, орус иш берүүчүлөрү биздин кыздардын эмгегин жогору баалап, жатышат. Акыркы күндөрү азык-түлүкө болгон баанын өсүшүнө байланыштуу, магазиндерде пол жууган ишке, өзбек, тажик кыздарын деле көңүлү тартпай турат. Канткен менен орус иш берүүчүлөрү бош орундукту толтуруу максатында, Орто-Азиядан келген келиндердин ордуна Африкалык жигиттер менен толтуруп жатканын көрүп жатабыз. Мурда африкалык жигиттерди метронун оозунда гезит таркатып, турганын көрсөк, бүгүн магазиндердин полун жууп, курулуштарында иштеп жатышат. Бул кара жигиттер орустардын башын ого бетер оорутат экен деп күлүп койдум.  Орустар аңгектен качып  дөңгөкө жолукту.   Бир аз болсода орус  тилин, маданиятын билебиз. Африкалыктар каптап кирсе, байкуш орустар бизди эстейт бекен эринен ажыраган аялдай болуп?  Жакынкы 3-4 жылдын ичинде булар Москвадагы көчө шыпыргычтарындын, пол жуугандардын, жана курулушчулардын нанын жарты кыларына шек жок. Дубайга курулушка ишке барып, кайра кайтып келген кыргыздар айтты эле. “Эмираттын курулуштарында айлык өтө төмөн экен. Араң 350 доллар.  Пакистандан, Африкадан, Индиядан келген курулушчулар ошого кайыл болуп иштешет экен." Москвадагы экономика ушул нукта кете берсе, орус иш берүүчүлөрү Филипин, Африка, Пакистан мамлекеттеринен жумушчу күчүн алып келүүгө мажбур болушат.

Поделиться в соц. сетях

Комментарии

Никаких комментариев по этому посту добавлено не было

Добавить новый комментарий

Вы должны войти в систему, чтобы добавить новый комментарий
Top