Адам болуу аста, аста, мырк болуу бир паста

Статьи
7.09.2019
265
Адам болуу аста, аста, мырк болуу бир паста

                               

                           

                               Мырктар жалпы улуттун трагедиясы.

           

                        “Адамга, күн сайын, адам болуп калуу абдан кыйын”

                                                                       Чынгыз Айтматов.

Ар бир улут адам сыяктуу. Ар биринде өзүнө тандык бир өзгөчө мүнөз бар, муну социологтор менен этнографтор менталитет деп коет. Япон дегенде, акылы курч, өжөр элди элестетсек, орус  дегенде  өкүртө арак ичкен калк көз алдыбызга келет. Ошого айрым улуттар аябай көп илимге эмгек кылып, улуу  деген лакапты өз мамлекетине кошуп алды, айрымдары жалкоолонуп, банан тергенден башканы билишпейт. Канчалык гуманист болуп, адамзаттын баары бирдей дегенибиз менен чукчалар жөнүндө анекдотту уканда аргасыз күлөсүң.  Эми кыргыздарга келсек. Кыргыз дегенде башкакалардын элесине кандай эл келет?? “Кош келгиле Кыргызстанга, экинчи Швейцариябыз, жаратылыш укмуш кооз, таза, конок пейил, жоош калкбыз” деп улам улам жарыя берип, туристтерди, студенттерди чакырып жатабыз. Келген конок, коншулар биз жөнүндө кандай ойдо?? Баласынан бекиткен татууну, коноко берген, акыркы койду  сойгон кең пейил эл экенибизди коншулар деле билет. Бирок деген жери бар. Мырк деген институт ушул эгемендүүлүктү алгандан кийин пайда болуп, коомду регресске түртүп, жаткан сокур ичеги бар. Акыркы жылдары алар дайыма интернет жылдызына айланып жалпы улутту шерменде кылып, келе турган конокторду бир кыйла чочутуп коюшту.  Деги мырк деген ким?? Бул суроого ойлонбостон, ар кимибиз акылыбызга жараша жооп беребиз. Айрым (баары эмес)  киргиз болуп кеткен, шаардыктар бетинен кызылы кетпеген, мээнеткеч айылдыктарды сөөмөйү менен көргөзөт. Бирок эч кимди кызыктырбайт мунун таржымалы. Мырк деген сөздүн тамыры 80-жылдарга барып такалат. Ал кезде, элеттен борборго Фрунзеге окуганы келген кыздарды, орус тилдүүлөр “Мурка” деп мыскылдашчу экен. Абийирин жапкан узун кийимине, түнкү клубтарда көңүл ачпагандыгы, жигиттер менен колтукташып жүрбөгөндүгү, үйдөн алыс чыкпагандыгы үчүн орустун мышыгына теңеп, Мурка деп коюшчу экен. Анан эле Мурка  дегени Мырка болуп кыргызчаланып, айылдык балдарга Мырк, кыздарга Мырка ээнчилеп беришет. Муну мурдакы президент Алмазбек Атамбаев тастыктап берет. Өзүнүн кан досун “Колхозник” деп атаганы менин айткандарыма далил. Чындыгында эки президенттин сүйлөө маданиятын, жүрүм туруму таразалап көрсөк, кимде мырзалык, кимде мыркалык касиет бар экенин айдан ачык болуп калат. Мындан келди. Мырктык адамдын туулган жерине карабай турганын билдинер. Мырктар айылда, шаардада толтура. Мырк жүрүм туруму орой, улууну урматтабаган, кичинү ызатабаган, уят сыйыты билбеген, адамдардын ирийткенин келтирген, бетпак адамдар.

Мындай өзүн маданиятуу деп эсептеген тек гана киргиздер эмес. Байыркы Римдиктер башка элдерди варвар деп кемсилткен болсо, европалыктар мусульмандарды мавр, жапайы деп шылдыңдашкан. Германияда “Газонду тебелебе, баспа, таштанды таштаба» деп  немисче эмес, түркчө жазып коет экен. Ачуу чындык ушундай, өнүкөн өлкөлөрдө ээн баш,  мырктар бизге салыштырмалуу аз. Өткөндөгү Москвадагы дүйнөлүк футбол чемпионаттында, таштанды терип, жүргөн япон фанаттарын көрүп, оозум Ошту карап калды. Бизде кандай? Ар майрамдан кийин Тазалык кызматкерлери   Ала-Тоо аянтында кеминде 10 тонна таштанды ташып чыгарат. Ойлонуп көрөлүчү анализдеп. Капыстан машиналар кагышып кеткенден кийин, ээлери түшүп мушташат. Жанакы бой без правил деген балээ болду, мырктардын баарын мыкачы, урушчаак короз кылып тарбиялап койду. Каламандын как ортосунда, бирөөсү афирикалыкды бир уруп өлтүрсө, башкалары жөн эле кетип жаткан балдарды чала өлүк кылып, урушуп, элдин наалатына калышты. Улуу кичүүнү көзгө илбей жыландай жабышып, өбүшкөн шаардык жаштар аман эле болсун. Азыр дагы жакшы видео камералар орнотулуп, түз сызыкты тебелебей, кызыл жарыкта токтоп айдап калышты. Казанда болсо, чөмүчкө чыгат болуп, арабыздагы мырктар саясатка дагы кирип келишип, мамлекетти түндүк түштүкө бөлүп, өз айылдарына чеп орнотуп, кылган былык иштери үчүн жооп бергиси келбей,  чаң тополоң, пикет-митингдерди уюштуруп  элдин шоруна калды.  ОБОН деген катындар жалданма кошокчу аялдарга окшоп акчага,  “Кетсин” деп обон созуп (кимди кетирип, ким алып келгенди өздөрү деле билбейт), элдерди жийирткенсе, мадырабаш мырктары мас болуп алып, бүт коомдук жайларды талкалап, автобус, машиналарды өрттөп, милицияны таш менен урат. Миллиондогон чыгым болот мамлекетке. Коншу эле, Армения, Украинадагы пикеттерде чымчыктын мурду канабай, тынч, бакыр чакырсыз эле өтөт. Алар акчага эмес, идея, келечек үчүн пикетке чыгышат. Ат көрбөгөн мырк  минип өлтүрөт деген ушу экен. Өзбекистандын Ташкенти бул жакта турсун, кыштактары таза Бишкектен. Бибисиден  Европалыктар  айтышты Ашхабад Брюсель менен Лондондон таза экен дешип. Ичиң күйөт. Эмнеге биздин элде мырктар көп деп. Бирөө айтат,  сыртка чыгып, дүйнө таныса оңолушат деп. Көрдүм, Москвадагы кыргыздардын кылыгын. Түнкү клубтан чыгып саат 4тө метронун оозунда, пиво ичип, айылдагыдай айкырып ырдап, орустардын уйкусун бузганын. Алго мейли айылга кайтарда, самолетко, поездге чыгарда кезек менен чыкпайт. Өлдү, өлдү минди минди, койлордой бир бирин сүрөт. Кавказдык түрк тектүү жигиттер айтышты. “Балдарыңдын оозу аябай балит экен. Эки сөзүн бири Эңен Байтал, бизде эне ыйык. Мындай балит сөз үчүн башын жулуп алабыз» деп. Чынында эле ошондой. Ататганат ушу москвичтерден китеп окуганды үйрөнбөсөк дагы, кезеке турганды дагы үйрөнбөй, кайра Кыргызстанга кетип жатабыз деп арман кылам. Дагы бирөө айтат. Ыйман керек деп. Аныда көрдүк. Жаңы ачылган Ынтымак паркындагы жаныбарды минген жоолукчан кыздын жоругун. Мечиттен чыгып деле насвайды көчөгө, какыра түкүргөн таксырларда көп арабызда.  “Түкүрбө” деген мыйзамды төө бастыга алдык.  Исламдын жарым сабыр болсо, жарым тазалык экенин эске албадык. Мен түшүнбөй калдым кантип оңолушту. Барыбызга эле үйдө ата-энелер жакшы тарбия берет. Негедир түшүнүксуз. Ушунун баарын көргөн чет элдиктер бизге кандай баа беришет болду экен? Кыргыз дегенде кандай калк оюна келет? Ой жүгүртүп көргүлө.

Менимче кыргыздын мээсине сиңип калган “Государство төлөп, берет” деген аң сезим бар. Балким ошон үчүн өз жерибизди барктабаган үчүн, бөтөн жерде тентип, көчөсүн тазалап, кирин жууп, жүрөбүз. Кудайдын жазасы. Эгер ушундай кайдигер мамиле жасап оңолбосок, бул мекенди кудай бизден мыктыраак элге ыраа көрүп коет. Ошондо кеч болот. Бул айткандарым, сиздерге бир даават же мораль эмес. Алгач өзүмө айтып жатам. Мен оңолсом, сен оңолсоң, коом дагы оңолот. Эч качан элдин аң сезим жогоруламайынча, мамлекет жогорулабайт.

Поделиться в соц. сетях

Комментарии

Никаких комментариев по этому посту добавлено не было

Добавить новый комментарий

Вы должны войти в систему, чтобы добавить новый комментарий
Top