Адахан Мадумаров президент боло алабы??

Статьи
7.03.2020
511
Адахан Мадумаров президент боло алабы??

Кыргыз саясатында жылдызы жанган саясатчылардын эң башында Адахан Мадумаров турат. Өтө уникалдуу адам. Кайсы гана бийликти сындаш боюнча Толубай сынчыдан кем калбайт. Президент болом деген амбициясы өтө күчтүү. Бүгүн Мадумаров мырзанын шансын сынап көрөлү. Күчтүү жана алсыз жактарын.

Күчтүү жактары.

A)Оратор. Сөзгө чечен. Кыргыз тилин өтө жогорку деңгелде билет. Б) Харизма. Кыргыз саясатчыларын арасында ораторлор көп эле. Бирок харизмасы эң күчтүү бул Мадумаров мырза. Саясатты хобби тутуп, семичкедей чакан аксакалдарга, Мадумаровдун сүйлөгөнү майдай жагат. В) Башка саясатчыларга караганда бир кыйла таза. Кыңыр иши болгондо бийлик алда качан камап, салмак. Албетте айрым чек арадагы былыктарга анын атын кошуп, жүрүшөт. Азимбек Бекназаров акыркы интерьюсунда кресло алыш үчүн аны өтө шыбады. Д)Мыйзамдарды чеберчилик менен сезе билет. Кайсы мыйзамды кыргыздын ашказаны сиңире алып, албашын.

Алсыз жактары. А) Сиркеси суу көтөрбөйт. Өзү сындаганды жакшы билет. Өзүнө сын айтылса, дароо чычалап кетет. Саясатчынын териси пилдин тересинде жоон болушу абзел. Б) Өзүн аябай акылдуу сезет, текеберленип, айрым оппоненттерин басынтып, мыскылдап сүйлөйт. Саясатта душманга дагы урмат сый керек. В)Президент болсо СССР убагындагы башкарууну калыбына келтирет имиш. Мамлекетти эмес, аялыбызды СССР убагындай башкара албай калдык. Дүйнө ар бир минут сайын өнүгүп, андагы менеджмент дагы жаңыланып турат. 100 койдон 200 козу алып, жалган маалымат менен СССРдин башын жедик. Жаңыча ой жүгүртүп, бийликти реформалоого кудрети деген бүдөмүк суроо. Д) Түштүктү түрө кыдырганды жакшы көргөнү менен, түндүк тарапка адашып эле барбаса, чанда барат. Себебин түшүнүксүз.         ЭМИ КУДАЙ БИЛЕТ, ЭЛ ЧЕЧЕТ. КИМДИН КЫРГЫЗСТАНГА ПРЕЗИДЕНТ БОЛООРУН.  КҮНӨӨСҮЗ, АЙЫПСЫЗ ТЕК ГАНА ПАЙГАМБАРЛАР ЭКЕН. АР БИР ЛИДЕРДИН КҮЧТҮҮ ЖАНА АЛСЫЗ СЫПАТТАРЫ БАР. АДАХАН БАЙКЕБИЗ ДАГЫ КАТАРДАГЫ ПЕНДЕ.  ЖЕКЕ ОЮМ. АКАЕВДИ ЛАБОРАТОРИЯДА КОЛДОНБОЙ, САЯСАТКА АРАЛАШТЫРЫП, ЧОҢ КАТА КЕТИРДИК. КЕРЕМЕТ ИЛИМПОЗ. ИЛИМДЕ ГАНА ИШТЕСЕ БОЛМОК.  МАДУМАРОВ ДАГЫ ЭМГЕГИН КЫРГЫЗ ТИЛИН ӨНҮКТҮРГӨН ТИЛЧИ БОЛСО КЫЙЛА ПАЙДА КЕЛТИРМЕК. КАНЧАЛАГАН ПРЕЗИДЕНТТЕР КЕЛДИ, КЕТТИ. ЭСТЕ ДЕЛЕ КАЛГАН ЖОК. БИРОК КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ МЕНЕН САЛИЖАН ЖИГИТОВДОР ТАРЫХТА ӨЧПӨЙ ТУРГАН ЭЛЕС КАЛТЫРЫШТЫ. 

Поделиться в соц. сетях

Комментарии

Никаких комментариев по этому посту добавлено не было

Добавить новый комментарий

Вы должны войти в систему, чтобы добавить новый комментарий
Top